Домой Саясат Кундуз Жолдубаева: Атамбаев 100 миң сом пенсия албайт

Кундуз Жолдубаева: Атамбаев 100 миң сом пенсия албайт

6

Экс-президенттин ишенимдүү өкүлү Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаев пенсия ала элек экенин билдирди:

– Соцфонд башчысынын мурдагы президенттин пенсиясына байланыштуу билдирүүсү ар кандай суроо жаратууда. Атамбаев 2019-жылдын 17-сентябрында пенсия курагына толду. Азыркыга чейин 100 миң сом пенсия ала элек. Мамлекеттик мекемелерден коомчулуктун башын айлантпоону суранабыз», деп жазды.

Эске сала кетсек, 12-декабрда Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев Бишкектеги басма сөз жыйынында Атамбаевге 100 миң сомдон ашуун пенсия чегерилерин айтканын айрым маалымат булактары жазышкан. Бирок ал пенсияны алып жатканы тууралуу айтылган эмес.