Домой Саясат Күндүн сүрөтү: темир тордун артында жылмайган Икрамжан Илмиянов

Күндүн сүрөтү: темир тордун артында жылмайган Икрамжан Илмиянов

131
Бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку биринчи орун басары  Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотко судья Дамирбек Назаров төрагалык кылууда. Отурумдун жүрүшүндө Икрамжан Илмияновдун адвокаттары ооруп келбей калгандыгы белгилүү болду.

Жыйынтыгында отурум жылдырылды.

Эскерте кетсек, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Икрамжан Илмиянов 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген айып таккан.

Сүрөт: Акипресс