Эгерде, Райым Матраимов апакай болуп чыкса, анда азыркы Президентибиз Сооронбай Жээнбековго болгон элдик ишенимдин жоголгон күнү болуп калат.
Чынында, экономикалык абалыбыз, саясий сындоолорубуз, адепсиз асылмайларыбыз, тынымсыз жаатчылык жаакташуубуз көп. Абалыбыз абдан эле оор. Ага адилетсиздик жагдайлар гана күнөөлүү.
Кала берсе, коомдук талаптарды эске албаган бийликтин тоң моюндугу, парламенттин күн карама алсыздыгы да коомдун кыжырдануусуна алып келүүдө. Анын үстүнө Райым Миллионду эпсиз колдоп, ар кандай иш чараларды Батышка байлап чаташтыруу, алардын артына «бийликти алгылары келет» таризде трайбалистик көз караштарды таңулоо дагы бир топ билинбей ички ынтымакты кетире баштады окшойт.
Райым Матраимов мага же даагы башкаларга жамандык деле кылган эмес. Кала берсе бизге караганда бир топ адамга ажаат ачып, айылына, а мүмкүн районуна ат көтөргүс жардам кылгандыр. Ошол кылган жакшылыктарына кыянаттык кылып жаткан деле жерибиз жок. Кеп, анын бажыдагы көрүнбөгөн көмүскө акчалары, «отметка» менен жымырылып жаткан миллиондору тууралуу сөз болуп жатса да, аны өкмөтүбүз баш, төрага төш болуп актоо аракетин көрүп жатканы кыжырды келтирет.
Албетте, Матраимов «апакай» болуп чыгат. УКМКдан чыккан анын жүзүндө, биринчи күнү чыгып качып кеткенге караганда ишеним пайда болуптур.
Өкмөт башы Абулгазиев жок дегенде «күнөөсү болсо жооп берет» дегенге жараган жок. Актап туруп алды. ЖК төрагасы Дастан акем Жумабеков Матраимов моюнча такыр эле сөз тийгизгиси келбейт. Керек болсо, 700 миллион моюнча жандалбастап куттуу трибунада, Элдин трибунасында анын жактоочусунан бетер жан күйпөлөктөп, «ал анын эмес, бизнесмендердики экен» дейт. Калк айтса, калп айтпайт…
Урматтуу Президент, Өкмөт, Төрага. Мен ишенимдүү айта алам. Боткого чалынып, коррупцияга малынып, келечекте соттон сотко сүйрөлүп, «сотто адилеттик жок» деп ыйламсырап тура турган күнүңүздөрдүн болушу-дал ушул Матраимовго жан тарткан, жан бактылыгыңыздар себеп болот. Азыр айтып аткан коомдук сын пикир, Сиздерге бүгүн желмогуздай угулуп атса, а бир кезде кулагыңарга периште шыбырап тургандай эле сезилет.
Мен коомго сунуш таштагым келет. Келээрки 2020-жылкы Праламенттик шайлоону «Таза, коррупциясыз Кыргызстан. Раимсиз таза шайлоо. Биз силерден чарчадык. 27 жылдык уланып келген ажыдаарлар башы кетсин » деген ураан алдында, жок дегенде идеялар, көз караштарга урмат кылып ушундай үгүттөр, талкуулар менен бир пикирлерге биригүү керек. Мен Таластын кулун катары ачык эле өз өрөөнүбүздөгү Элге, жерге күйбөс коррупционерлерди ачык эле айтып чыгып, билген, уккан алыбызга жараша аларды далилдүү фактылар менен тизмелеп, коомго алып чыгайын, Сиздер да ар бир аймактагы ошондойлорду атаңыздар.
Тазалануу үчүн биригели. Эртеңкибиз үчүн кайдыгер болбойлу!
Президентибиз да коомдон ушуну талап кылган. Бирок, коом Райым камалсын деди. Көчөгө чейин чыкты. Тажатма, Эл көзүнө элдик көрүнмө, бирок жең ичинен жеп-иче берме, шайлоолордо упчу эмизме Көч улана бере тургансып калды.! Не дедиңер?
Күнболот Момоконов