—Биздин борбор 2016-жылы ачылган. Түзүүчүлөр: Данияр Аманалиев, Атай Садыбакасов жана Айнура Аманалиева Мен өзүм Улуттук университеттин Бизнес башкаруу багытын бүткөм. Мурун “Кыргыз консепте” иштегем. Акыркы эки жылдан бери ушул жерде иштеп жатам. Учурда Ololo борборунун коворкинг багыты боюнча башкаруучу менеджеримин.
—Жаӊылбасак, Атай Садыбакасов – бул Роза Отунбаеванын уулу да…
—Ооба. Башында арт-студия болуп ачылган. Биздин коомчулук үчүн аткарып жаткан милдеттерибиз көп эле. Биздин борбордо айрымдарын айтсак, сүрөт, музыка курстарынан тышкары адамдын өзүн өнүктүрүү курстары көп. Мисалы туура сүйлөө багыты. Биз абдан ачыкпыз. Бизге мугалимдер келип кайсы бир багыт боюнча курстарды өткөрөлү десе, биздин көз караштарга туура келсе, аларга жардам көрсөтүп келебиз. Арт- студиядан кийин бизге каворкинг борбору да кошулган. Коворкинг деген сөз Америка сөзү. Түз которсок – чогуу иштешүү деген маанини түшүндүрөт. Демек, коворкинг борборунда биздин маданий, билим багытындагы иш –чаралар өткөрүлөт. Ошону менен бирге IT-конференциялар жана бизнес тренингдер да болуп турат. Бизнес жагынан алып айтсак, биз ушул багыттагы адамдарга имараттарды, чакан жана орточо, чоӊ бөлмөлөрдү, залдарды ижарага беребиз. Бирок баарына эле катары менен бере бербейбиз. Өзүбүздүн тандап алган багыттарыбызга туура келсе гана алар менен иштешебиз.
—Ижарачыларга шарт түзүп берүү жагына өзгөчө басым жасайт экенсиздер…
—Ооба. Бул маселе биздин өзгөчө артыкчылыктарыбыздын бири десем болот. Мисалы, ар бир аянтчабызда, имаратарыбыздын ичинде ашканалар бар. Ал ашканага керектүү буюмдар коюлган. Ошондой эле биз өзүбүздүн ижарачыларыбызды ашыкча жумуштан арылтуу максатында коммуналдык төлөмдөрүн, интернет кызматтары, тазалык үчүн өзүбүз төлөп турабыз. Муну окурмандар өздөрүнүн каражатынан төлөшөт экен деп түшүнүп калбашы керек. Биз болгону бул маселени ижарачыга башында түшүндүрүп айтып, алар төлөй турган ижара акчасынын ичине камтып киргизип койгонбуз. Кыскасы, биздин имараттарда төлөнбөй калганы үчүн интернет, же жарык өчүп калуу деген болбойт. Эгер интернет берген мекеме интернетти кайсы бир себептер менен өчүрсө бизде провайдерлер бар. Биздин адистер убактылуу кошуп берип турат. Жарыкты өчүрүп койсо генераторлор менен камсыздоо жагын да ойлонуштуруп жатабыз. Эми Бишкекте жарык өчпөйт да. Ошто кээде өчүп калганда, генераторлор менен жарыкты камсыздап берип турабыз.
—Сиздердин бул борбор менен көбүнчө кайсы кесиптин ээлери кызматташып жатышат?
—Көбүнчө программисттер , дизайнерлер, юристтер, бухгалтерлер ж.б. Бизде Бишкекте 4 жерде коворкинг бар. Ошто да ачканбыз. Жакын арада Ысык-Көлдө да, андан кийин Нарында дагы ачууну максат кылып жатыбыз.
—Чоӊ бизнесмендер салган имараттарын сиздерге ижарага беришсе, сиздер ушундай жаӊычыл багытта иштетип берет турбайсыздарбы?
—Ооба. Туура айтасыз. Эгер кайсы бир адам бизге имаратын иштетип берүү сунушу менен кайрылса, анын имаратынын жайгашкан жерин жана аянтынын чоӊ-кичинесин да караштарыбыз, эгер биздин талаптарга туура келсе биз өзүбүздүн тандап алган ыкмабыз менен иштетип беребиз.
—Өзүӊөрдүн чыгымыӊар көрсөткөн кызматтар менен жабылат да…
—Ооба. Биз ижара акысын, же кызмат көрсөтүүнү абдан кымбат койбойбуз. Мүмкүн болушунча баарына жеткиликтүү болсо дейбиз. Биздин максат имараттарды жөн эле ижарага берип, пайда табуу эмес. Биздин эӊ башкы асыл тилегибиз – ошол имараттардын ичинде чыгармачыл, жаӊычыл, өзгөчө жаӊы коомду түзүү болуп эсептелет. Биз кардарларыбызды ижарачы деп айтпайбыз. Аларды резидент деп айтабыз. Имараттын ичиндеги жасалгага да өзгөчө көӊүл бурабыз. Биз биринчи кезекте имараттын ичин заманбап кымбат курулуш материалдары менен жасаганга эмес, тескерисинче чыгармачылык көз караш менен минимализмге басым жасап чыгабыз. Биз иштеткен имараттарга кирсеӊиздер баары жөнөкөй. Кымбат баалуу буюмдар көзгө оӊой менен урунбайт. Маселен айтсак,имарат ичиндеги каллоналарды кыргыздын байыртан бери колдонуп келаткан шырдагы менен ороп кооздоп койгонбуз. Болбосо азыр андай шырдактар колдонулбай деле калбадыбы. Биз болсо аларды даӊазалап жатабыз. Шыптарыбызды караӊыздар цемент бетонду эч кандай жасалгалабай эле лактап өзгөчө кылып койгонбуз. Кыскасы, биздин имараттардын ичиндеги жасалга такыр башка. Ошондой эле атмосфера да башкача. Дагы бир чоӊ талабыбыз-бизге резидент боло турган адамдар сөзсүз түрдө ак ниет, жаман оюу жок, адамкерчиликке басым жасаган болушу кажет.
—Ololo деген эмне маанини билдирет? Кыргызда мындай сөз жок да…
—Бул сөз эч бир мамлекеттин сөзү эмес. Сиз айткандай кыргыздын да сөзүндө кездешпейт. Мындайча айтканда өзүбүз ойлоп тапканбыз. Бул сөз- адамдардын суроолорун жарата турган сөз. Угулушу да музыкалуу. Бир сөз менен айтканда ушундай…
Айбек ШАМШЫКЕЕВ
Булак: Багыт