Домой Коом Кумтөр: жоголгон жумушчулар табыла элек

Кумтөр: жоголгон жумушчулар табыла элек

72

Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки жумушчу табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда дайынсыз болуп жаткандарды 94 куткаруучу издеп, 37 оор техника тартылган.

Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын айтымында, куткаруучулардын аракетине карабастан издөө иштеринен майнап чыга элек.

Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Көчкөн жер катмарынын узуну 450 метр, туурасы — 570 метр жана бийиктиги — 50 метр, ал эми жалпы көлөмү — 12 млн. 825 миң куб метр.

Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевду таппай калышкан.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган болчу.

Булак: Азаттык