Экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев «Кумтөр» компаниясы жылына 11 миллион куб метр суу колдоно тургандыгын, бирок бюджетке бир тыйын да төлөбөй тургандыгын билдирди. Учурда мөңгүлөр азайып, суу тартыштыгы кадимкидей байкалып турган чакта сууну олчойто колдонуп, бирок ал үчүн тыйын да төлөбөй отуруу акылга сыйчу жорукпу? Р. Артыкбаевдин айтымында сууну колдонуунун шарттуу баасы 2,5 сомдон болушу керек. Эгерде Суу одексине өзгөртүүлөр кирип, сууну товар катары кароо мыйзамдаштырылса, анда «Кумтөр» жылына суу үчүн эле миллиондорду которушу керек болот. Бирок, 24 жылдан бери карай сууну да бекер колдонуп, дээрлик 10 жыл салыктын бардык түрүнөн бошотулуп, анан анысы аз келгенсип Кыргызстандын 67% үлүшүн 33%ка түшүрүп койгон канадалыктарды Кыргызстанга пайда алып келген инвестор деп айтууга эч болбойт, бул маселе боюнча чечкиндүү аракеттер көрүлүшү зарыл.