Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда баш калаанын мурдагы жетекчилери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов боюнча өкүмү жарыяланат. Бул тууралуу алардын тарапкерлери айтууда.
Жалпысынан бул иштин алкагында 13 кишинин жоопкерчилиги каралып жатат.
Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.
Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып жатышат.
4-ноябрда сөз экс-мэрлерге берилген. Бирок экөө тең сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартып, «негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп билдиришкен.
Булак: Азаттык