Домой Саясат Кулбараков Нарынга Токтогул ГЭСинен кем эмес ГЭС курдуртабы?

Кулбараков Нарынга Токтогул ГЭСинен кем эмес ГЭС курдуртабы?

68

Автандил Кулбараков жана ГЭСКСДП фракциясынын депутаты Автандил Кулбараков узак жылдардан бери элдин камын жеп, кайрымдуулук иштерге басым жасап келет. Ал буга чейин жеке ишкерлик менен алектенип: кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, чыгармачыл адамдарга, ар кандай мааракелерге, жол оңдоо, көпүрө салуу ж.б. маселелерине чоң жардам берип келгени белгилүү. Айтсак, ал жакында эле белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиевдин Манас тууралуу эки китебин көп нускада чыгарып берип, Нарын облусуна бекер тараттырды. Мына ушул эле ишти улай Автандил мырза, ГЭС куруу маселеси боюнча кытайлык ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп баштаптыр. Жумгал районунун Кызыл-Ой, эмдигиче электр жарыгы жок 100дөн ашуун түтүнү (айтмакчы, бул айылга да Автандил мырза бир топ чоң акчага генератор менен электр жарыгын камсыздап берген) бар Сары-Камыш айылдарына жакын айтылуу Көкө-Мерен дарыясынын боюна баасы 1 млрд. 200 млн. долларга долбоордук кубаттуулугу 950 мегаваттык (бул Токтогул ГЭСинен бир аз эле азыраак) туннел ГЭС курдура турганы маалым болду. Автандил мырза бул боюнча: “Кытай инвесторлору өз каражаттарына 3 жылдын ичинде бул ири ГЭСти куруп, ишке берилгенден кийин, сарпталган чыгымдарды электр энергияны Пакистан, Кытайга экспорттоо аркылуу чыгарып алууну көздөп жатышат. Беш же 8 жылдын ичинде аталган ГЭСти Кыргызстанга өткөрүп беришет. ГЭС куруунун шарттары биз үчүн ыңгайлуу. Кытайлык инвесторлор негизинен башка жактарга да ГЭС куруу ниети бар экен, бул иш үчүн 4 млрд. доллар сарптоого даяр экен”, — деп билдирди. Чындыгында, абдан жакшы идея экен, мында чоң ГЭС мейли 5 жыл, мейли 10 жылдан кийин деле мамлекеттин менчигине өтсө чоң жетишкендик болот.