Бишкектин Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен кара жыгач кулап бир машинаны басып калган. Машинанын ичиндеги 39 жаштагы ээси дароо жан берген. Ал шордуунун төрт баласы бар экен. Мэр менен мэрия кызматкерлери ал жерге жетип барып, дароо эле өздөрүнөн күнөөнү нары түртүп коюшту: “Бул бак кулачу бак эмес экен, сопсоо экен” деп. Сопсоо болсо, өзү эле кулап түшкөн го, же курт-кумурскалар кулатыштыбы?