Домой Экономика Күйүүчү майдын баасы 10 сомго кымбатташы мүмкүн

Күйүүчү майдын баасы 10 сомго кымбатташы мүмкүн

16

Казакстандагы мунай тартыштыгынан улам Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Мындай божомолду Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясы белгиледи.

Маалым болгондой, азыркы учурда өлкөнүн аймактарында 40 май куюучу жай ишмердүүлүгүн токтоткон.

Казакстан ички жана Россия базарынан 150 миң тонна күйүүчү май сатып алган.

Казакстанда  мунай кризиси улана турган болсо, Кыргызстанда да күйүүчү майга болгон баа кымбаттай турганын аталган мекеме белгилейт.

«Эгер өлкөдөгү мунай кризиси ушул темпте уланса, октябрь айында күйүүчү май 1,5 сомго, ноябрда 4,9 сомго, декабрь айында 2,5 сомго кымбаттайт»,- деп жазылат маалыматта.