Домой Саясат Куйругунда калбыры барлардын заман келдиби?

Куйругунда калбыры барлардын заман келдиби?

98
Бакиевдин учурунда, башкача айтканда 2006-жылы Польшага учкан Текебаевдин сумкасына “Манас” эл аралык аэропортунан ичинде героини бар матрешка салынып чоң чуу чыккан. Чыр эл аралык деңгээлде талкууланган. Ал кездеги эки тизгин, бир чылбырды уучтап турган Бакиев Текебаевди героин ташыган курьер катары аброюн түшүрүп, түрмөгө отургузууну кездеген. Мына ошол иште Жаныш Бакиевдин буйругун аткарган делип укук коргоо органында иштеген Талант Таиров дегендин кулагы чыгып, иштен кеткени айтылган. Эми ошол Таиров кайрадан “Манас” аэропортунун күзөт кызматынын

башчысы болуп келгени айтылууда. Мына кызык тамаша. Дагы кимдерге “фокус” даярдаганы жатты экен… Бул Таировду кезинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүу кызматы пара алууга шекшип, капканга түшүрө албай калган жайы бар. Талант Таировдун агасы Бакир Таиров учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүу кызматын жетектейт.

Булак: «Фабула»