Ак таңдай акын, көп кырдуу талант Элмирбек Иманалиев 42 жашында дүйнө салды. Карагай ыйлап, тал ыйлап… кыргыз эмес, канатташ казак журту кайгырып турганын баамдоо кыйын эмес.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ак таңдай Элмирбек Иманалиев үзөңгүлөштөрү, кесиптештери, шакирттери менен сүйлөшүп, эскерүүсүн укту.
Элмирбек экөөбүз таңдын атканын билбей 12 саат айтышып…
«Айтыш» фондунун түптөөчүсү, коомдук ишмер, ЖК депутаты Садык Шер Нияз:
— Биз «Айтыш» коомдук фондун түзүп, жаңыдан баштап жүргөндө казак акындарына бир топ көңүл жана каражат бөлүнүп, кадыресе алдыга чыгып калган. Бир ирет биздин балдарга Эрмек аттуу акыны «Бар болсо бүтүн дүйнө колдо турар, корооңдо бир-экиден «Волга» турар, кыргыздын акындары жылаңайлак, кол булгап, ала кет деп жолдо турар» деп ырдаган эле. Көптү көрдүк, уктук. Фонд түзүлүп жүргөндө казактар менен беттешерде эмне деп айтабыз, алар бизди силер кедейсиңер дейт эмеспи деп Элмирбек менен сүйлөшүп калабыз.
Эсимде, бир жолу Элмирбек экөөбүз айтыштык. Мен да жамактап ырдап калам. «Кел, мен кыргыздын, сен казактын акыны бол. Сен болушунча кордоп, тийишип казактын акынындай ырда десем, макул болду. Баштадык. Анын да тили ачуу, айткандары аябай катуу тийди, мен да жиним кайнап ага жооп берип, ал ого бетер кордоп, мен кайра жооп берип… Мен казактар, ал кыргыздар жөнүндө айтат. Кечки саат 7-8де баштаганбыз. Амантай Кутманалиев отурган, түнкү 2лерде уйкуга кетти. Экөөбүз комузду бири-бирибизден жулуп алып, айтышып жатабыз. Ал акынча айтат, мен жамактайм. Ошентип отуруп таң кантип атканын билбей калыптырбыз. Эртең менен тогузда эл жумушка келе баштаганда токтодук. Эл эшикти ачып кире баштады. Ошондо 12 сааттай талбай айтышыптырбыз. Ушундай күндөр болгон.
Ал казактын тарыхын казактардын өзүнөн да жакшы билчү. Мукам үнү, ырдап жатканда ритмге түшө калганы, чукугандай сөз тапканы өзүнчө кеп. Бир ирет казак акыны менен айтышты. Атаандашы «эмне корунуп, бүшүркөп отурасың, башыңда калпагыңды тартып албаймын го» десе, ага шарт эле «билбегем карматарың шайтаныңды, билбегем сенин минтип айтарыңды, сен эмес кытай тартып ала албаган, башымда ушул турган калпагымды» деген жообу шак деди. Бул Казакстанда болуп жаткан айтыш эле, залда ошол жерде эки кыргыз бар экен, калпагын көтөрүп булгалап кыйкырышып… Элмирбектин ошондой ырлары кыргыз элине дем, рух, күч берип жүрдү да. Акындын эң негизги вазыйпасы чындыкты, калыстыкты, элдин мүдөөсүн айтуу. Биринчи президент Аскар Акаевдин бийлиги 14 жылга узарып кетти. Элде бийликке нааразылык күч. Аттуу-баштуулардан эч ким унчуга албайт. Чоң айтыш болуп, Элмирбек ошондо жарды. «Жапандан карыз көп алды, жан кечтилер жеп алды. Бөлөктөн карыз көп алды, бөрүлөр талап жеп алды» дегенде филармониядагы миңдеген киши ордунан тура калып кол чапкан.
Элмирбек сабалап ырдаганда канчалаган эл болсун бардыгын кааласа күлдүрүп, кааласа ыйлатып, кааласа намыстуу сөздөр менен эмнеге болсо да даярдап коё турган дарамети, харизмасы күч болчу. Мен анын акындык жагын гана айттым.
Ооба, бир капталым эңшерилип турат да. Элмирбекти ушунча жакшы көрчүмүн. Мен жакшы көргөн кишим менен салкын болгонго аракет кылам. Анткени ушундай нерсе болсо, чыдай албай калам деп ойлойм. Кечээ, мен эле эмес, үй-бүлөмдүн жашы кургабады (маектешибиз жашып кетти).
Бул чыгармачыл кишилердин жүрөгү назик болот экен да. Элмирбектин башынан көп нерсе — чыныгы сүйүү, ажырашуу, күйүт өттү. Ырларында да «кааласаң алып кетчи, чарчадым» деп айтып калды. Күйүт дагы кошул-ташыл баары биригип кетти го деп калдым. Элмирбектей талантты кыргызга жүз жылда бир берсе, берер, бербесе, билбейм.
Конок чакырып коюп, Рамис акындын дүйнөсүнө кирип кеткенде
КРдин эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев:
— Элмирбек төгөрөгү төп келген жоргонун бири эле. Жолдоштору менен жүргөндө азил тамашасы бир укмуш болчу. Ал чындыгында баарына эрте жетти — сүйүүнү эрте көрдү, эрте бүлө курду, атак-даңкты эрте алды, анан ажал да эрте келди.
Көп жумуш кылып, артына из калтыруу үчүн көп өмүр сүрүүнүн кажети жок окшойт деп калдым.
Оюн топтой келип, акынды көтөрө чаап мактап, артын жымсалдап, анан кебез менен мууздаган жагында акын катары Элмирбектей чебер жок эле.Бир окуясын эстедим. Уулдуу болуп чакырып, үйүнө конокко барып калдык. Дасторкондо отурабыз, анан эле бир аздан кийин араңарга кошулам деп чыгып кетти. Отурабыз, жок-жок, жок-жок. Бата кылып кетели деп калдык. Акырын тура жылып, каякка кетти деген тейде жата турган бөлмөсүн ачсам… телевизордогу бир нерсени көрүп жатат. Тим эле өзүнчө жыргап алган, купшуңдап күлүп да коёт. Телевизордогу кишини көрүп жаны жыргап атат. Телевизордо дагы бирөө бийлеп жатат. Саамга карап турдум. Ким деп коём, көрсө ал… акын Рамис Рыскулов экен. Эшикти акырын жаап койдум. «Аа, мунун ой жүгүртүүсү, ой-туюмдары биздикинен башка жан экен го» деп өзүмчө тыянак чыгарган элем. Анткени Элмирбектин ойлогонун биз эч качан ойлочу эмеспиз. Биз кара курсактын камында жүргөндө ал акындыктын, ырчылыктын камында жүрчү. Биздин курсагыбыз ачып жүргөндө ал китеп окуп жүрчү…
«Мурутчан нянька»
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов:
— Элмирдин азыр «мурутчан нянька» болгон мезгилин эстедим. Анда институтта окуп жаткан кез. Ал улуу кызын багып отуруп, мен чоң уулум Назым менен үйдө отурганга туура келип калган учур болгон. Ал кезде 20 жаштын тегерегиндеги мезгилибиз эле. Элмир Искусство институтунун жатаканасында турчу. Мен аныкына барып, балдар чогуу ойношот. Ошондо залкарлардын китептерин алып окуп, ырдап, кайра окуп… көөп нерсени сүйлөшөр (тамагы буулуп жатканы сезилип турду) элек. Бир күнү жанагы «шолоктоп неге ыйладың» деген сапты бир дептерим бар эле, ошонун аягына жазып, кошо ала бардым. Көп эле аны обонго салып ырдап берди. Биринчи укканда мүмкүн обонду жакшы деле баалабадымбы, айтор, анча деле көңүл бурбагандай болгом. Анан Элмир «көрөсүң го, кийин ырдалат» дегени эсимде. Чын эле көп жыл өткөндөн кийин ырдала баштады окшойт. Ошондой бала баккан кездер өткөн.
Дагы бир учур. Элдин баары 1998-99-жылдары 5-6 сотыхтан жер алып үй сала баштады. «Эмке, экөөбүз жатаканада жашап, квартиралап жүрүп эле өтүп кетебизби. Биз деле жер албайлыбы, үй салабыз» дедим. «Заке, билбейм. Сен тургузушуң мүмкүн, бирок мен ушул комузумду тырмалап, ошонун артынан эле үйлүү болбосом, там саларыма ишенбейм», — деди. Кийин жаңы конуштан жер алып, үй салып канча тырмалап жүрүп энергиябыздын баары чыгармачылыкка эмес, көр-тириликке кетип калды. Ал эми Элмирбек энергиясын, жаштыгынын жалындаган мезгилин, жакшы кезин чыгармачылыкка берди. Бул дагы анын максаттын артынан кууп, өз өнөрүн башкага алмаштырбагандыгы деп кийин түшүндүм.
Обончу, коомдук ишмер Кубат Болотканов:
— Эл Элмирбектин көп талантын билбей калды. Манасты сааттап айтчу. Абдан куудул болчу, белгилүү кишилерди туураганда элди жыкчу. Ал эми Асанкалый Керимбаевдин классикага айланган ырларын кемелине келтире аткарчу. Суткалап, жумалап жүрсөң да кеп-сөзү, тамашасы түгөнчү эмес, бир айтканын экинчи кайталаганын укканым жок. Чоңконун уулу катары, бирөөлөрдү маданияттуу чымчыган учурлары курч эле.
Бир ирет Суусамырда жүрөбүз. Боз үйгө кымыз ичели деп кире калсак, даамы сонун экен. Иши кылып бизге жакты. Элмирбек сыртка эле отуралычы деп эшикке төшөк салдырдык. Боз үйдөн келин кымыз алып келди. Ичсек, суу кошулган кымыз болуп чыгып калды. Баарыбыз чуулдап суу кошуп салыптырсынар десек, тиги келин актанып моюн бербей, жок, биздики таза дейт. Жайланып отуруп да алганбыз. Тура жөнөйлү деп калдык. Элмирбек бизге олуттуу карап, «жок ай, булар кошпоптур, күнөө мында эмес», — деди. Анда ким деген тейде саамга анын оозун тиктеп, токтоп калдык. «Күнөө тигилерде, ошол бээлер суудан көбүрөөк ичип алса керек» десе, ачууланып жаткандар кырынан кетип күлгөнү эсимде.
Елді үйіріп ырдайтын Елмирбек,
Енді қайтып шықпайды ел күткенде
Казак акыны Мухтар Ниязов Элмирбек Иманалиев тууралуу бул суук кабарды ичиркенүү менен кабыл алганын жазды. Ал жалпы кыргыз элине, «Айтыш» фондунун жамаатына, акындын жакындарына көңүл айтып, кошогун салыптыр.
Акын менен кыргыздын Кырчын жайлоосунда сөз берметтерин терип сүйлөп, эки элдин руханий берметтерин, чыгармаларды угуп, жан дүйнөсүн эс алдырганын, Элмирбектин элпек мүнөздүү экенин эстептир.
Күлкү ээрчиткен устат болчу
Изат Айдаркулова, акын, шакирти
— Элмирбек агай мени таптап, тарбиялап, ушул өнөргө аралаштырды. Устат катары аны күчтүү деп бааласам, ата катары мээрман жана дүйнөсү назик деп билет элем.Шакирттерин сабакта эмес, күнүмдүк турмушта, ал тургай алыста, аралыкта туруп тарбиялачу. Вастаппка эки саптан ыр салып коюп, алым сабак айттырчу. Тоо-ташта жүрсөң да «тапшырманы аткарууга» туура келчү. Аудиторияда ар бир сабагы күлкү менен өтчү. Кыргыздын классик ак таңдай акындарын дал өзүндө кылып туурап, ал тургай кыймыл-аракетинен бери окшоштурар эле.
Мен башкаларын анча эстебей калдым, бирок кенже уулу төрөлгөндө абдан кубанганы эсимде.
Булак: Спутник