— Кудайберген Базарбаевич, жакында эле 4-ирет ишеним көрсөтүлүп, министрлик ордуңузда калып жатасыз. Бул деген аткарган ишиңиздин жакшы экенин билдирет. Мунун сыры эмнеде? Кээ бирлер 6 ай олтуруп эле ыргып кетип атышпайбы? 3-4 жылдан бери бул кызматта олтуруп, кандай жакшы иштерди жасадыңыз?
— Мен бул жерде акыркы үч жылда тогузунчусу болдум. Ошондо бир министрдин орточо иштөө мөөнөтү төрт ай экен. Мисалы, мен келгенде министрликтин иши аркага кетип, саясатташкан да мүнөздө экен. Адегенде, ишти оңдоону орчундуу делген 3 тармактын ишин алдыга жылдыруудан баштадым. Биринчи иретте балдарды асырап алууга аккредитацияга келген уюмдардын ишине чек коюлган экен. Мисалы, бир өлкөдөн үчтөн гана уюм дегендей. Бул түптүз коррупцияга алып бара турган жол да. Мен ушул чекти алып койдум. Коррупциянын экинчи бир жолу – дайынсыз бир комиссияны түзүп коюшуптур, анан анын чечими министрге милдеттүү экен. Кийин келип министрден сураса ал мен эмес дейт, комиссияга келсе алар биздин колубуз жок дейт, айтор жеке жоопкерчилик жок экен.
— Мурда бир өлкөдөн үч эле уюмга уруксат берилген деп атпайсызбы? Азыр эми ошондо бардык мамлекеттерге уруксат экен да?
— Ооба, бүт баарына. Мисалы, бизге Вьетнамдан келбейт да. Өнүккөн Европа коомунда бала асыроо элдин канына сиңип калган. Жиберген өлкөнүн мамлекеттик кепилдиги болуш керек жана бул тармакта 10 жылдык тажрыйбасы болуш керек. Болду, ушуну менен бул тармактагы коррупция токтоду. Мурда мындай тандоо жок болчу.
— Ошондо мурда Кыргызстандан канча асырап алынчу да, азыр канча болуп калды?
— Айырмасы жок. Мурун чечимди министрлик кабыл алчу. Биз болсо ошол чечимди укуктук өлкөгө баратабыз деп сотко берип койгонбуз. Мыйзам чегинде сот чечим кабыл алат. Акыркы жылдары биздин өлкөдө 27 бала асырап алууга кетти. Бул 3 жылдын ичиндеги жумуштар. Булар томолой жетимдер. Мыйзам боюнча мындай балдарды эң биринчи өзүбүздүн жарандар асырап ала алат. Анан эгерде өзүбүздүн адамдар асырап албаса, балдар жакпаса, бул балдар чет мамлекеттин жарандарына багууга кетишет. Биздин жарандар биринчи иретте ден соолугу чың балдарды тандашат, а, бул томолой жетимдердин ден соолугу анчалык эмес. Биздин жарандар бир жылда орточо эсеп менен 1000 баланы багууга алышат. Акыркы үч жылда 3000 бала жергиликтүү асыроого кетти. Америка, Швеция, Германияга 27 бала кетти. Алар бизге акча төлөбөйт, булар балдарды багышат. Мурдагы жылы биздин балдарды багып алган Америка мамлекети менен теле көпүрө уюшулган. Ошондо бир америкалык жаран мен өз кызымды (биздин кызыбызды) Израилге алып барып 56 миң долларга операция жасаттым дейт. Бизде бул балдарды өлтүрүп кетет деген же дагы ушул сыяктуу жаман ой болбош керек. Ар бир алты айда биздин элчиликтен барып текшерип турушат. Андан тышкары, мамлекеттик органдар дагы бул балдардын тагдырына көз салып турушат. Бул биринчиден. Экинчиден болсо, биздин тармакта 15 интернат бар. Аларда жашы келип калган биздин аксакалдарыбыз, кары кишилерибиз, психикалык-нерв жактан жабыркаган жарандарыбыз жашайт. Ошондо ал интернаттагы ар бир кишиге тамактын нормасы 55 сом болчу. Мунун ичине эртең мененки, түшкү жана кечки тамагы кирет экен. Мунун суммасын көбөйтүү планда дагы жок экен. Мына ушуну мен эки эсеге көбөйтүп бердим. Бул да аз. 15 интернатта 2345 картаң жана психикалык жактан жабыркаган адамдар бар. Мындай адамдар жашаган эки эле жай бар, алар – Беловодск жана Жалал-Абад психоневрологиялык пансонаттары. Буларга дары-дармек да бериш керек. Бир күндүк дары-дармектин өлчөмү 6 сом экен. Бул эмне деген сөз? Үчүнчүсү, бизде бүгүнкү күндө 101 миң үй-бүлө, 301 миң бала бар. Мына ошолордун пособиесин 270 сомдон 810 сомго чейин көтөрүп бердик. Мыйзам боюнча ар бир үй-бүлө мүчөсүнө жалпы кирешенин өлчөмү 800 сомдон кем болсо, жөлөк пул төлөнөт. Бюджет тартыштыгы жана башка маселелерге карабай өжөрлөнүп жүрүп, Каржы министрлигине жатып алып болсо да жыл сайын 10-15 пайызга көтөрөм. Бүгүнкү күндө жалпы бизге бюджеттен бөлүнгөн каражат — 3 млрд. 47 млн. сом. Бул балдардын жөлөк пулуна бөлүнгөн акча. Андан тышкары, такыр эле бюджетти карап калбастан, кошумча жолдорду да издейбиз. Бүткүл дүйнөлүк банкка барып 16,9 млн. долларга долбоор өткөрүп дегендей. Мисалы, айылдарда бир жамаат биригип бир долбоор жазса, биз ошого акчалай эмес, ун менен жардам берип атабыз. Биздин негизги үмүтүбүз – Россия. Жөлөк пул алууга муктаж 225 миң үй-бүлө бар. Бүгүнкү күндө пособиенин орточо суммасы – 764 сом. Биринчи иретте бул балдардын жөлөк пул. Жөлөк пулду кимдер аларын адегенде айыл өкмөтү аныктап берет. Көпчүлүк үчүн жакынкы убактардан бери адам эмес, программа аныктай турган кылдык. Каалаган адам үйүндө отуруп эле пособие ала алабы же жокпу, программага салып көрүп билип алса болот. Эгерде ала албайсың деп чыкса, эмне үчүн деген суроого да жооп ала алат.
— Пенсия, жөлөк пулду алчу адамдар албай эле башкалар алып келген көрүнүштөр да болбодубу?
— Туура айтасыз, мындай учурлар буга чейин болуп келген экен. Мен келгенде 343 миң адам пенсия алчу, бүгүнкү күндө бул сумма 301ге чейин азайды.
— Учурда сиздердин министрлик аркылуу канча адам камкордукка алынат?
— Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө168 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Бул болсо жалпы элдин 2,8 пайызын түзөт. 168 миң адамдын ичинен 108 миңи пенсия алса, 60 миңи бизден жөлөк пул алат. Жөлөк пулдун өлчөмү майыптык тобуна жараша бир миң сомдон үч миң сомго чейин. Биздин министрлик муктаждарга бир жылда 15 миңге чейин протез алып келип берет. Бул Дүйнөлүк банктын жардамы менен бекер берилүүдө. Жалпылап айтканда, бизде улам жыл өткөн сайын калктын аялуу катмарына түзүлгөн шартты, тамактанууну жакшыртуу маселеси акырындап алга жылып баратат. Мурда социалдык жатак үйдүн жашоочуларынын бир күндүк тамагына 55 сом бөлүнсө, былтыртан баштап 110 сомго чейин көтөрүлдү. Ошондой эле, анда иштегендердин эмгек акылары 50%га жогорулады. 940 соцкызматкерлерибиз 12 000 адамды үйүнө барып тейлеп, 3 миң сом гана айлык акы алчу. Былтыртан баштап алардын айлык акысын 6 жарым миң сомго көтөрдүк.
— Азыр психикалык ооруга чалдыккандар көп, аларды багуучу жайлар толуп, батпай кетти деп жатпайбызбы, буга эмне себеп деп ойлойсуз?
— Бул туура эмес. Азыр андай оорулуулар көбөйгөн жок. Мурда кандай болсо, ошондой эле абалда. Ал эми, жатак үйлөр мурда эмнеге толбой келгени — бул башка кеп. Себеби, оорулуу адамды мындай багуучу жайларга киргизүү жагы өзүнчө оор болгон. Анын үстүнө, кыргызда баласын же бир тууганын ошондой жатак үйгө өткөрүптүр деген өзүнчө бир уят иш эле да.
Ошондой эле нерсе, азыр бардык жерде балдарга карата зордук көбөйүп кетти деп жатышат. Зордук–зомбулук мурда эле болуп келген. Ал өскөн жок. Тескерисинче, азаюуда. Бирок, жарыкка чыккандар көбөйүп кетти. Бул жакшы нерсе. Анткени, алар канчалык жарыкка чыкса, көмүскө кылмыш жасап жүргөндөрдө коркуу сезим пайда болот.
2015-жылы ушул маселеге байланыштуу 9 министрлик биригип, республика боюнча 528 штаб түзгөнбүз. Алар ар бир облуста, ар бир шаарда, ар бир райондо иш жүргүзгөн. Айылдарда 455 штаб түзүлгөн. Алар 2015-жылы 316 миң үйдү текшеришти. Ар бир үйдө болушту. Ошол убакта республикабызда эки факты ачылган. Биринчиси — Ак-Талаа районунда майып жээнин зордуктап жүргөн адам кармалган. Комиссия окуянын үстүнөн чыгып калган. Экинчиси, Өзгөндө карыган эле аксакал эки баласы менен жээнин зордуктап жүргөн факты катталды. Бул дагы ошол комиссиянын ишинин аркасында чыгып олтурат. Мына ушундай иш-чараларды көп жүргүзүү зарыл. Ал жоопкерчилигин сезбей жүргөндөргө коркунуч жаратат. А чындыгында жашы жете электерге же калктын аялуу катмарына зордук көрсөтүү жаңы эле чыга калган нерсе эмес. Эскилер ачылып жатат. Ал эми, анын ачыкка чыгышы- “кыңыр иш кырк жылда билинет” дегенди далилдеп, ыпылас иш менен алек болгондорду сестентет.
— Майыптыгы боюнча сиздердин тармакка кайрылбай, жакындары багып жаткан фактылар бар болушу мүмкүнбү?
— Жок, андай жок. Бүгүн бардык жердеги мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бизде катталган. Мурда кандайдыр уялып, жакындарын катып келишкен фактылар болгон. Азыр болсо, эл түшүнүп калды. Андыктан, аялуу катмарга колдон келген жардамды аябоого милдеттүүбүз. Учурда бир кездегидей эптеп-септеп иш кылбай, сапатка өтүшүбүз керек деген маселени көтөрүп жатам. Маселен, буту баспаган балдарга атайы балдар үчүн коляска берүүбүз абзел. Мурдагыдай “ушу болот го” дегенди токтотуу керек. Бул багытта биз көп аракеттерди көрүп келүүдөбүз.
— Сиздерде кадр, материалдык базаңыздар талапка жооп береби?
— Бизде бардыгы 4400 кызматкер иштешет.Мен алгач бул жерге жетекчи болуп келгенде, көп алмашуулардан улам тармакта жумушка болгон пассивдүүлүктү байкагам. Бирок, аны башка нукка буруу жагына аракет жасадым. Кызматка келгени бир дагы кызматкерге тийгеним жок. Тескерисинче, аларды болушунча иштетүүгө аракетимди жумшап жатам. Бизде кадр маселеси жетиштүү жана алар өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасайт деп айта алам. Учурда биздин инвентарлардын көбү эски. Интернаттарыбыздын эң эле жаңысына 45 жыл болду. Болбосо курулганы 70-80 жыл болгон жайлар бар. Быйыл Жалал-Абадда балдардын психо-неврологиялык жатак үйүнүн бир корпусунда жаңы курулуш ишин салып жатабыз. Бул акыркы 40 жылда жаңы салынып жаткан имарат. Ал дагы долбоорлор аркылуу салынууда. Биз акыркы кезде түрдүү гранттарды алып келүү жагына көңүл бөлүп жатабыз. Ал эми гранттарды алып келүү үчүн бизге болгон ишеним керек.
Жумагүл Барктабасова, Назгүл Осмонова