Домой Саясат Кудай жадаткыр Кутманова жөнүндө кабар (видео)

Кудай жадаткыр Кутманова жөнүндө кабар (видео)

94

Инсайдердик маалыматка ылайык,  Динара Кутманованы Курчап турган Чөйрөнү Коргоо жана Токой Чарбасы Мамлекеттик агенттигинин директорлугунан кетирүү маселеси Өкмөттө 12-февралда чечилген. Бирок, мамлекеттик органдарды оптималдаштырууга байланыштуу бул маселе аягына чыкпай турат. Мындай кырдаал ага алдамчылык, шантаж жана башка мыйзам бузууларга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Булактардын айтымында,  Д.Кутманова кызматтан кетирүү жөнүндө документ менен таанышкандан соң адатынча албууттанып өкмөттө чыр салып мунусу менен премьер-министрди абдан “таң калтырган” . Кудай жадаткыр Кутманова агенттикте алдамчылыктын торун токууну улантууда. Эми аны жактап жүргөндөр анын алдамчылыгынын жана куугунтуктоосунун объектиси болуп калышты: өткөн жумадан баштап директордун орун басары Шерипов Президенттин атына Кутманованы кызматта калтырууну колдогон кайрылууга кол топтоо менен алектенип жаткан (Кутманова өзү жазып берген), эми Кутманова Шериповду кызматтан алам деп коркутуп жатат . Себептери кийинчерээк белгилүү болот.

ШАНТАЖ ЖАНА КОРКУТУУЛАР УЛАНУУДА.

Учурда Кутманова өзүнүн булганган репутациясын актоо менен алек. Ал шантаж жана коркутуу жолу менен өзүн колдоого кол топтоп жатат. Борбордук аппараттын кызматкерлери бул шылуундан биротоло баш тартышкан, анткени агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлери буга чейин бир нече инстанцияларга: Президентке, Премьер-министрге, КРнын ЖК спикерине, АКС УКМК, УКМК, депутаттарга ж.б жетекчилерге кайрылуу жолдошкон. Бирок эми Кутманова буга чейин колдонулбай келген ресурстарды — Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Чүй-Бишкек аймактык башкармалыктарынын жамааттарын колдорун топтоону чечти. Азырынча анын аракеттери бардык жерде ийгиликтүү аяктаган жок, бирок кол топтоо уланууда.

АРСТАНБАП-АТА ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДАГЫ ОКУЯЛАР.

«Куйруктарын» жабыштын арекетинде Кутманова жылкынын жарым эти боюнча иштерин “териштирип”, актап жибермеке Арстанбап-Ата токой чарбасына комиссия жиберген. Бирок жылкыны тирилте албагандыктан, жарым жылкынын эти желип кеткендиктен, ал суудан кантип кургак чыгууну ойлоп тапты. Колу сынып, болничныйда жатканына карабастан, жумуштан түшүп калуу коркунучунун астында Арстанбап-Ата токой чарбасынын башчысы башкы токойчу Бокоевге (ал буга чейин Кутмановага жылыкынын жарым этин үйүнө жеткирип берген) жамаатты жоопкерчиликти өз мойнуна алууга даярдап , ар бири 4,5 кг эт алдык деген ведомостко кол койдурууну тапшырган. Натыйжада, ар бир кызматкер 4,5 кг жылкынын этин алуу үчүн жасалма ведомостко кол коюшту. Комиссия жылкы союлганын тастыктады, бирок колуна кызматкерлердин кол тамгалары менен ведомостту алып келе беришти. Жакында алынган жаңы маалыматтарга ылайык, союлган жылкыны эки бөлүккө бөлүп, башкы токойчу Бокоев (бул адам өзүнчө макалага татыктуу, бул тууралуу кийинки макалаларда) директор Д.Кутмановага жана анын орун басары Надыр Козубаевге алып келип берген. Эске салсак, буга чейин биздин баракчабызда Д.Кутманованын урматына Арстанбап токой чарбасында жылкы союлгандыгы жөнүндө кабарлаганбыз. (төмөнкү шилтемеден окуй аласыз).Ошол эле учурда, майып кызматкер Пиназаровдун мыйзамсыз кызматтан алынгандыгы боюнча маселе чечиле элек. Бул факт тууралуу кененирээк бул жерден окуй аласыз: https://www.facebook.com/e.parliamentKG/posts/2865093750439115 АГЕНТТИКТИН кызматкерлеринин айтымында, таң калыштуу тенденция байкалат. Эмнегедир АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО СИСТЕМАСЫНЫН КЫЙРАШЫ ар дайым Д.КУТМАНОВАНЫН АКТИВДҮҮ КАТЫШУУСУ менен КОШТОЛОТ.1999-2001-жылдар аралыгында Д.Кутманова курчап турган чөйрөнү коргоо министри Тыныбек Алыкуловдун башкы кеңешчиси болгон (кийин ага каршы узак убакытка чейин соттошкон) учурда Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлиги жоюлуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилген. Кайра 5 жылдан кийин гана, 2005-жылдын аягында, адистердин жана жеке Арстанбек Давлеткелдиевдин аракетинин натыйжасында, тармак калыбына келтирилген. А. Давлеткелдиевдин эрктүү чечими менен Д.Кутманова 2006-жылы көптөгөн каржылык махинациялар жана башка ар кандай мыйзам бузуулар үчүн кызматтан алынган.Учурдагы кырдаал мурункуга абдан окшошуп турат. Кутманованын агенттике директор болуп келгенине үч ай боло электе айлана-чөйрөнү коргоо системасы кыйраганы калды. Бул жолу Жашылдар партиясынын учурдагы тең төрагасы Д.Кутманова кимдин буйругу менен экени белгисиз, бирок ал айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик системасын жок кылууга катуу аракеттенип, тармактагы бардык адистерди куугунтуктап, жаманатты кылып жатат. Ошол эле учурда, экология, жаратылышты коргоо маселелери бүткүл дүйнөдө жана биздин өлкөнүн жарандары үчүн биринчи планга чыгууда. Д.Кутманова өзүнүн максаттарын көздөп, эч нерседен кайра тартпай, эң ыплас амалдар менен кызматкерлерди гана эмес, жалпы эле айлана-чөйрөнү коргоо системасын жаманатты кылууда. Эми, өзүнүн булганган репутациясын актоо максатында, айлана-чөйрөнү коргоо органынын функцияларын эки мамлекеттик органга — Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Айыл чарба министрлигине өткөрүп берди деп Өкмөттү айыптоодо. Өлкө коомчулугун адаштыруу максатында, ар кандай пиар чабуулдарын уюштуруп жатышат. Мисалы бул шилтемедеги маалымат сыяктуу: https://www.facebook.com/watch/?v=1342249436137460 .

Чын менен жалганды аралаштырып, Кутманова калпты чынга айландырып жатат.Өкмөттүн учурдагы түзүмүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелери Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, ал эми токой чарбасы Айыл чарба министрлигине өткөрүлүп берилүүдө. Ошол эле учурда Мамэкотехинспекциянын бир бөлүгү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, тактап айтканда, мамлекеттик экологиялык көзөмөл жана өрткө каршы көзөмөл өткөрүлүп берилет. Бирок, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо (түздөн түз экологиялык функция) маселелерин Д.КУТМАНОВА Айыл чарба министрлигине өткөрүп берүүгө аракеттенип, ал жеке өзү Айыл чарба министрлигине ЭКОЛОГИЯЛЫК ФУНКЦИЯЛАРДЫ өткөрүп берүү боюнча катка кол койду. Бул жерде анын принциби жоктугу, интригасы жана зыянкечтиги айдан ачык көрүнүп турат.Мурунку макалабызда Жаратылышты Өнүктүрүү Фонду Кутманованын кызыкчылыктарына кирип, аны рейдерлик жол менен басып алууга аракет кылып жаткандыгын жазганбыз. Жаратылышты өнүктүрүү фондуна жүргүзүлгөн рейдерлик факты жөнүндө кененирээк бул жактан окуй аласыз:https://www.facebook.com/e.parliamentKG/posts/2874891672792656 Кутманованы билбей колдоп жаткан адамдар анын система үчүн эмес, ал “акырдагы жемге” жетиш үчүн күрөшүп жаткандыгын билишпейт. Ал курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча болгон маалымат аянтчаларынанда арамзаланып кыйкырып жүргөнү менен, ал ага такыр тынчсызданбайт. Натыйжада, Кутманова системага келээри менен И.Мураталин, К. Бөкөнбаев, К.Бозов, Т.Кыштобаев, Т.Алыкулов, К.Джанузаков, А.Давлеткелдиев, Э.Умаралиев, Р.Эшмамбетов, А.Чынгожоев, Жусубалиев, Т.Кулумбаев, С.Атаджанов, М. Аманкулов, О.Рустамбеков ж.б. сыяктуу мурунку лидерлер жана корифейлер бүтүндөй өмүрүн жана ден-соолугун арнаган тармак кайрадан кыйроо алдында турат. Бүл жакшылыкка алып келбейт.Ушул кезге чейин өлкө башындагы чечим кабыл алуучулар Д.Кутманованын махинацияларына, афёраларына, калптарына, шантаждарына жана коррупциялык аракеттерине өз реакциясын билдирбей келгени өкүндүрөт.Биздин мурунку басылмалар жөнүндө:https://www.facebook.com/e.parliamentKG/posts/2874891672792656https://www.facebook.com/e.parliamentKG/posts/2864388860509604https://www.facebook.com/e.parliamentKG/posts/2865093750439115https://www.facebook.com/e.parliamentKG/posts/2865842940364196