Домой Саясат Куда деӊгээли… Памириӊер ушунча “галдирбай” беле?

Куда деӊгээли… Памириӊер ушунча “галдирбай” беле?

86

ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин орун басары, кадимки РАИММИЛИАРДдын кудасы Памир Асанов деген  пенсионер өткөндө алдындагы кагазды тыӊдап окуй албай депутаттардан тил угуп, жалпы коомчулуктун сынына кабылды.

Көрсө акча, тааныш күчтүү болгону менен билим маселесине келгенде талапка жооп бербеген эптемейлердин бири экенин өзү тастыктап берип койду. Пенсияга чыккан, пенсиясын алып үйдө небере жытын жыттап олтурушу керек эле.

Анткен жок, ордун жаштарга бербей, же тыӊ иштебей, иши кылып  иштемиш этип жүрөт.  Болбосо ИИМде ушунча жыл иштеп, өзү эмне деп айтып жатканын эл эмес өзү түшүнбөй турса, кантип жакшы болсун.

Жантөрө Сатыбалдиев айтмакчы, бул бийлик эмнеге эле мындай “галдирбайларды” топтоп, чоӊ кызматтарга коюп, чокчоӊдотуп эркелетип жатат?  Же, РАИИММИЛЛИАРД бийликтин билермандарын  “оптому” менен  баарын чүлүктөп алганбы? Чынында ага байланыштуунун баары жакшы чыкпай, Кудайдан жөө качкандар болуп калып жатканы жалганбы? Деги качан оӊолобуз?!.

Булак: Багыт