Домой Саясат Күчтүүлөр бириккен – “Замандаштын” курултайы өттү

Күчтүүлөр бириккен – “Замандаштын” курултайы өттү

50

Кыргызстанда 200дөн ашуун партия бар. Бирок алардын дээрлик басымдуу бөлүгү аты бар, заты жок партиялар. Ал эми элдин купулуна толуп, элдин жүгүн көтөргөн саналуу гана партиялардын ана башында “Замандаш” партиясы турары талашсыз. Бул партия кечээ түзүлө калган партиялардан эмес. Дээрлик 13 жылдан бери чоң саясатка катышып, ири ийгиликтерди жаратып, мамлекетибизге ак кызмат өтөп, элдин жүрөгүнөн орун алганы ырас. Жалпыга маалым болгондой, “Замандаш” партиясы жакында өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызуу даярданууда. 19-октябрда Бишкек шаарында жайгашкан Sheraton Bishkek мейманканасынын жыйындар залында “Замандаш” саясий партиясынын кезектеги ХIII партиялык курултайы болуп өттү. Курултайдын күн тартибинде төмөндөгүдөй : “Замандаш” саясий партиясынын программасын кабыл алынып, партиялык кеӊеши бекитилип, ошондой эле тизме боюнча добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди аныктоо маселелери каралып, бекитилди. Буга чейин маалым болгондой, башында Жеңиш Молдокматов турган “Замандаш” партиясына Кыргызстандын күчтүү саясатчылары, өз тармагынын мыкты генералдары, мактоого татыган коомдук ишмерлер, ийгиликтүү ишкерлер ж.б. ар кыл тармактар боюнча иш билги жаратман адамдар топтолгон.

Булак: Багыт