Кой-Ташта болгон окуяны иликтебеген бир да серепчи, эсепчи, генерал, коомдук ишмер калган жок. Бири ак десе, экинчиси көк деп, айрымдары таптакыр калыстыктан тайып кетишти. Макул, болор иш болду, боесу канды дечи. Ошентсе да күчкө салбай акылга таянып иш кылганда балким өмүрлөр кыйылмак эмес, бир милисанын полковник жетекчиси Москванын ооруканасында жатпайт эле, өзүбүздүн жарандар көк ала койдой сабалып, ок жебейт болчу.
Эми дагы бир башка келген ойду кыстара кетели. Адамдын эмес, мамлекеттин тагдырына жоопкер болгон, ант берген коопсуздук комитеттин мыктылары эмне үчүн арканды алыска таштап иш кылууга жөндөмдүү эмес. Анткени алар маселени күчкө салып туруп чечүүнү, бийлик башындагы биринчи адамга жагынууну гана принцип катары колдонушат. Анысын укмуштай өткөргөн “операциясы” аркылуу тастыктады. Сабатсыз, сапатсыз “жоортулунан” жемеге калды. Генералдардын өзгөлөр айткан “мыктылардын” катарында болушса татаалдашкан маселени адам өмүрүнө чыгым кылбай чечүүгө убактысы бар болчу. Ошондо тыкыр иликтеп, таразага салып туруп, Курсан Асановду “элчиликке” жөнөтсө балким Үсөн Ниязбеков аман-эсен бала-чакасынын маңдайында жүрмөк. Эч кандай балакет башталбай эл аман, өлкө бүтүн бойдон сакталмак. Бүткүл дүйнөгө шылдың болмок эмеспиз. Ошентсе да баары бир Курсан азаматтык кылды. Муну бүткүл журтчулук баамдап турат. Болгону көралбаган бир ууч эрендер ага каршы өз аракетин чегерип жатышат. Антсе да баары бир адал иштин жыйынтыгы майнаптуу чыгаарына ишенген тейдебиз. Сабалган “спецназдын” балдарынын өчүн алам дебестен кетирген кемчилиги үчүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кызматтан кетүүсү учурдун өктөм талабы.
Булак: “Ачык сөз”