Домой Коом Кубаттуу эркек-бакубат өлкө

Кубаттуу эркек-бакубат өлкө

431

 

 

healthy man pills. 1452676941

Чындыгына келсек касиеттүү тоолорубузда Менделеевдин элементтеринен башка байлыктар да толтура. Маселен аска-зоодогу жарадар кийик жалаганда айыктырган мумиёну азыркылар кайдан билсин? Ал тургай жоголуп бараткан чычырканак, шыбак, ит мурундун нечендеген ооруларга дарылык касиети бар экенин билбей калдык. Бирок тоонун кереметинен чөп дарыларды жасагандар мунун сырын жакшы билет.

Мындан үч жыл мурда сынак катары кыргыз чөптөрүнєн бир укмуш дары даярдаларын кыйладан бери тоо чөбүнөн көп нерселерди жасаган Дамира Кампабекова жар салган. Айрыкча маралдын тамыры эркектердин кубатын калыбына келтирери белгиленди. Байыркы турмуш жоголуп, экология бузулгандыктын кесепетинен мырзалар тез эле кубатынан жанып калышууда. Ошондон улам күчүн тамекиге, аракка чыгарып калышкан окшойт. Ажырашуулардын себеби да эркектердин кубатсыздыгы болорун айтууга убакыт келди.

Медициналык маалыматка таянсак, кырк жаштын тегерегиндеги эркектердин алтымыш пайызы чабалдык менен жабыркайт экен. Ушунун өзү эле добулбас урууга муктаж кылып жатпайбы же калппы? Отузга жашы жете электер эмитен дарыканадагы күчтөндүрүүчү дарыларды сатып алууга көз каранды. Демек, өлкө коркунучта экени ачык көрүнүп турат. Бакубат өлкөнү бакубат эркектер түзөт. Эркексиз жашоонун кумары болбостур? Же аялдар күлгө оонап эле боюна бүтүрүп алышабы? Ошондуктан эркектерге абайлап мамиле жасоо зарылдыгы келип чыкты.

Жогоруда көтөрүлгөн демилгени эл да, мамлекет да кош колдоосу зарыл. Анткени калктын саны үй-бүлө күткөн ден соолугу чың жуптардан көбөйөт. Мээни иштетип ой жүгүртсөң мындан артык маанилүү маселе жок. Эркеги начар, тукумсуздардан аял да, өлкө да пайда таппайт. Айтылган омоктуу бул улуу ишти Оморбай Нарбековго окшогон академиктерге, Дамира Кампабекова сыяктуу эркектер үчүн күйгөндөргө милдеттендириш керек. Аларга зарыл болгон шарттарды түзүп берип, каражаттан кайрылышсак туура ишти баштаган болоор элек.

Акчасын митингдерге жумшаган бай саясатчылар эмне үчүн мындай омоктуу маселени көтөргүсү келбейт? Эгерде алар ашык акчасын эркектердин кубаттуулугу үчүн салса, ага окшогон демөөрчүлөрдү тимеле жерге тийгизбей көтөрүп алышмак. Маселен, ажо болчумун деп ээликкендер дагы ушул көйгөйдүн жоголушуна салымын кошсо өтө оор маселени чечкенге көмөк кошкон болор эле. Ансыз деле канча деген миллиондор шамалга учуп кетери жашыруун эмес. Муну  тамашага айлантуу туура болбой калат. Негизи   абдан маанилүү маселе. Ошондуктан чогуу-чаран келечекке камкордук көрөлү. Акча табылат, ден соолук кургурду талкалап алсак, кимге керегибиз тиймек? Ойлонолу, ойгонолу замандаштар. Кубаттуу эркек-бакубат өлкө экени чындык!