19-майдагы онлайн брифингде вице премьер-министр Кубатбек Боронов жайында Ысык-Көл аймагындагы туристтик сезон боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамалары иштелип чыккандан кийин белгилүү болорун маалымдады.
“Сезондун башталышында Саламаттык сактоо менен туризм министрлиги биргеликте кандай шартта эс алууга болорун иштеп чыгат”, — деди Боронов.