Домой Коом Кубатбек Боронов: «Өкмөт миллиондорду жеп койду» деген ушак сөз

Кубатбек Боронов: «Өкмөт миллиондорду жеп койду» деген ушак сөз

2044

Премьер-министр Кубатбек Боронов сырттан келген акчалай жардам тууралуу эл арасында айтылып жаткан дооматтарды «ушак» деп атады. 2-июлда онлайн брифингде маалымат берип жатып ал коронавирус эпидемиясына байланыштуу сырттан өнөктөш уюмдардан жана чет өлкөлөрдөн жалпысынан 645 миллион доллар суммасында каражат тартуу макулдашылганын айтты.

Боронов билдиргендей, бул акчанын 627,3 миллиону финансылык жардам катары, ал эми 17,7 миллиону гуманитардык жардам иретинде бөлүнүүдө.

Өкмөт башчы бүгүнкү күнгө карата сырттан суралган акчанын 291 миллиону келип түшкөнүн жана «каражатты өкмөт жеп-ичип алды» деген сөздөр негизсиз экенин айтты:

«Президент сырттан алып келүү тууралуу сүйлөшкөн 645 миллион доллардын 291,9 миллиону келип түшкөн. Бул каражат бюджетти колдоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө жумшалууда. Калган акча келиши күтүлүүдө. «Жеп-ичип алышты» деген сөздөр боюнча айтарым — андай маселе жок. Сайттарга жарыяланып жатат, бирок ошого карабастан эл арасында ар кандай ушак сөздөр айтылууда».