“24 саттык коменданттык саатты колдойм”,- дейт Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
“Жарандардын көчөгө чыгуусун чектеп жатабыз. Бирок, айрыкча Бишкек шаарында коменданттык саттын талаптарын бузгандар көбөйүүдө. Күндүзү дагы зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгууну азайтуу керек. Мисалы, кечээ сейил бактарда жарандарыбыз балдары менен эс алып жүрүшөт.
Биз коронавирустун жайылышын алдын алууга аракет кылып жатабыз. Силер дагы жарандык жоопкерчилигиңерди көрсөткүлө. 24 сааттык комменданттык саатка өткөнгө чейин адамдар өз ара байланышууну чектөөсү керек”,- дейт ал.
Эчке салсак, учурда республиканын 3 шаарында жана 3 районунда коменданттык саат 20:00дөн 7:00гө чейин уланууда.
Булак: Барс.медиа