Домой Маек Кубат Оторбаев: Жүрөгүмдү көбүрөөк ооруткан маселе — бул, мигранттардын балдарынын укугу

Кубат Оторбаев: Жүрөгүмдү көбүрөөк ооруткан маселе — бул, мигранттардын балдарынын укугу

112

Кубат Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев менен маек.

— Кубат мырза, Акыйкатчы институту түзүлгөнүнө эмки жылы 15 жыл болот экен.Ошентсе да бул институт өлкөдөгү өз ишин али жакшылап жолго коө элек жаш мекемелердин биринен десек болот. Сиз жумушту эмнеден баштадыңыз?

— Институттун өзү тирүү организм деп эсептейм. Кайсы жеринде кемчилик, кайсы жеринде оорусу бар, ошону аныктоо маселеси болду. Ошондуктан биринчи кезекте ички структураны карап атабыз. Экинчиден, Омбудсмен институтунун өзүнүн өнүгүү стратегиясын жасаган жатабыз. Бул жагынан биз адам укуктарын коргоо боюнча Дания институту бар, алар менен биргелешип ошо ишти баштадык. Анан үчүнчүдөн, структуранын өзүндө айрым өзгөрүүлөр болгон жатат. Үч багытты айткым келет. Чуркап жүрүп 5 кишинин, 10 кишинин укугун коргошубуз мүмкүн. Бирок, биз мыйзамдарга анализ жасап, адам укугун коргоо жаатындагы мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү менен жүз миңдеген, миллиондогон адамдардын укугун дароо коргошубуз мүмкүн. Бул жаатта бир мисал айтып коөюн. Мына, Кылмыш-процессуалдык кодексинде статьялар бар. Мисалы, 267-статья. Ошо жерлерде мисалы, соттордун бир ишти кароо мөөнөтү (өтө оор иштерди) эки ай деп айтылганы менен азыркы учурда карасаңар СИЗОлордо мисалы, үч жылдап, төрт жылдап соту болбой, соттун чечимин күтүп жаткандар өтө көп. Ошондуктан биз иликтөө иштерин баштадык. Мисалы, 252-статьяга, ошондой эле 267-статьяга өзгөртүү киргизүү маселелерин көтөрүп атабыз. Бул маселенин негизинде биз справкаларды жаздык. Ал справканы Жогорку Кеңешке, Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага жөнөттүк. Галина Скрипкина баштаган комитет жакында, 15-мартта ушу справканы карайт.

Эң негизги маселе- жарандардын баш коргоо чарасын сактоо мөөнөтү.Мисалы: СИЗО-1де жаткандардын бирөөсү 2011-жылдын май айынан бери жатат. Оштогу СИЗО-5те 11 адам жатат. Караколдогу СИЗО-3тө мисалы 17 адам жатат. Ошондуктан ушул адамдардын маселесин чечиш керек.

Менин жүрөгүмдү көбүрөөк ооруткан маселе — бул мигранттардын балдарынын укугу. Биздин 700 миң мекендештерибиз, жарандарыбыз сыртта жүрөт. Алардын Кыргызстанда калган балдарынын саны 56 миң. 56 миң бала ар кимдин колунда, ырыстуу дегенде чоң ата, чоң энелеринин колунда тарбияланып атат. Айтып коюшубуз керек, зордук-зомбулукка кабылган балдардын көбү ошол ата-энеси сыртта жүргөн мигранттардын балдары болуп атат. Мына жакында Нарын облусунун Учкун айылында бир жарым жаштагы Ислам деген бала таштап кеткен адамдын аялынын колунан токмок жеп каза болду. А энеси болсо акча табам деп кеткен. Ички мигрантпы же сыртка кеткен тышкы мигрант болобу, кыскасы алардын балдарын дагы караш керек. Анан экинчиден, мына жакында Алматадан бир топ өкүлдөр келишти. Алар ошол Казакстандагы консулдуктун ишине нааразычылык билдирип келишиптир. Консулдук бизге жакшы көңүл бурбай атат дешти. Биз бул маселелерди чечиш үчүн да омбудсмендин аппаратынын өзүндө атайын бөлүм ачабыз.Кайсыл жерде кыргыздар көп жашаса, ошол мамлекетке 1-2ден өкүл коөлу деп атабыз. Мисалы, Москванын өзүндөгү биздин кызматкер ошол жерде отуруп иштеши керек. Ал үчүн биз ошол мамлекеттин Акыйкатчысы, адам укугун коргой турган органы менен тиешелүү келишим түзүшүбүз керек. Ал келишим эки тараптуу болот дагы ошол мамлекеттин парламентинен ратификациядан өтүшү керек. Бул эми узагыраак процесс. Бирок, биз Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен же ошондой эле Миграция кызматынын жетекчиси Бактыбек Адылов деген жигиттер менен ушу маселени чечүүнү болжоп жатабыз.

— Ички структурасын иретке келтирем дебедиңизби. Ошондо эмнелерди өзгөртөсүз?

— Кээ бир бөлүмдөр жабылып, кээ бир бөлүмдөр ачылышы мүмкүн.

— Сиздерде кызматкерлердин саны аз, маянасы жетишсиз деп айтылып келген?

— Негизинен биздин кызматкерлердин айлык акысы төрт-беш жылдан бери көтөрүлбөптүр, бул маселени дагы карап көрөбүз. Экинчиден, кызматкерлердин саны көппү-азбы, аны да карап көрүш керек. Бизде акчаны ички бөлүштүрүү маселесин жетекчилик өзүнө алганы оң деп ойлойм. Анткени, акыйкатчы жөнүндө мыйзамда: “Акыйкатчы өз аппаратын, штаттык бирдигин өзү аныктайт” — деп көргөзүлгөн. Биз болгону өкмөткө ошондой сунуш киргизсекпи деп жатабыз.

— Сиздердин бюджет 27-30 миллиондун тегереги. Айрымдар бул сумманы аз десе, кээ бирлери көп деп келишет. Сиздин пикириңиз кандай?

— Жалпысынан алганда, кээ бир маселелерди караганда айлык акы стабилдүү берилип келатканы менен башка маселелерге келгенде каражат аз. Ошол эле оргтехника деп коөбуз, мисалы компьютер маселеси. Акыркы жолу институтка болгону 40 миң сомдун тегерегиндеги акча 2009-жылы бөлүнүптүр. Институтка компьютерлерди, оргтехника алуу маселеси негизинен донорлор аркылуу чечилип келген экен. Дагы деле донорлордун жардамына таянсакпы деген оюбуз бар. Өкмөттүн, жалпы республиканын абалынын оордугун, бюджеттин тартыштыгын эске алабыз. А негизи бир жолу акча салып, көп маселебизди чечип алууга болот.

— Келечек максаттарыңыз тууралуу айтсаңыз?

— Жер-жерлерди кыдыра баштадым. Ошондо жүрөктү абдан өйүгөн маселелерге туш болдум. Мисал, ошол эле сотторго болгон ишеним маселеси. Анан кай жерге барсаң, ошол жердин өзүнүн көйгөйү бар. Мисалы, Балыкчы шаарынын элине таза суу, жайыт жетишпейт. Бул маселени Тоң, Ысык-Көл райондору менен биригип чечүү керек. Экинчиден, мектепке барбаган балдардын маселесин көтөрүштү. Үчүнчүсү, мисалы ошол эле Нарын облусунда 50 пайыздык коэффициент маселесин көтөрүп атышат. Өзүңөр билгендей, бул облустун жашоо-шарты оор. Жөлөк пулдун эсептелишине каршылар бар. Мисалы, бир үйдө төрт киши жашап жатат дейли, чоң ата, чоң энеси, анын баласы менен келини, неберелери. Неберелерге жөлөк пул чегерип атканда чоң ата, чоң энесинин пенсиясын киреше катары эсептеп туруп, неберелерине жөлөк пулду кыркып койгон учурлар бар экенин айтышты. Ысык-Көлдө айтышкандай, үй ээсинин он жыл болуп калган эски машинесин эске алып туруп, ага да жөлөк пул чектебей койгон учурлар бар. Ушуга окшогон маселелерди жоюу боюнча өкмөт, парламент менен биргеликте иштешип жатабыз.

— Турат Акимовдун иши боюнча эмне айтасыз?

— Бул окуя журналистке кол салуу фактысы катары бизди чочулатат. Ошондуктан биз өзүбүздүн билдирүүбүз менен чыктык. Экинчиден айтарым, Турат Акимов белгилүү журналисттердин бири. Мен ал кишини издеп атам, иликтөөнү өзүнүн маалыматынын негизинде баштайбыз го. Ички иштер министри Мелис Турганбаев менен да жолуктум. Ошол жолугушуунун алкагында бул маселени талкууладык. Министр буга чейин өз оюн ЖМКга ачык эле билдирбедиби. Министрдин айтымында бул окуянын артында башка күчтөр турушу мүмкүн экен. Анткени, Медет Садыркулов, Геннадий Павлюктун өлүмүнүн бети ачылышы, Сыргак Абдылдаевге кол салуунун бети ачылышы, Жерүйдү иштеткен Шон Дейлиге кол салуу болгон, ушулардын бардыгынын артында бир эле күчтөр турган. Ошол күчтөр атайын мени кызматтан алдыртыш үчүн ушул иштерди жасап жаткан болушу ыктымал дейт. Анан логикалык жактан алганда, Ички иштер министри бирөөнүн көзүн тазалатат деген ой менин башыма деле келбейт. Эгер анте турган болсо, башкача жасамак деген ой келет. Жалпы республика боюнча сөз эркиндигин коргошубуз керек, бирок ошол эле убакта журналисттердин жоопкерчилигин дагы көтөрүшүбүз абзел. Себеби, журналист адамдын, мамлекеттин тагдырына жоопкер экендигин эч качан унутпашы керек.

Маектешкен: Назгүл Осмонова