Домой Саясат Кубат Карабаевдин апасы Халима Карабаеванын айткандары калп

Кубат Карабаевдин апасы Халима Карабаеванын айткандары калп

122

Бакыт СеитовКечээ күнү Кыргызстандын атуулу алдамчылык беренеси менен айтыпталган Кубат Карабаевдин апасы Халима Карабаева маалымат жыйынын өткөрүп, анда депутат А. Жапаров (ал кезде Каржы министри), Ички иштер министри (ал кезде БШИИББнын башчысы) М.Турганбаев жана Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын экс-башчысы Ю.Тойчубековдор уулунун бизнесин тартып алып, анын үстүнөн жасалма кылмыш ишин козготушканын айтып чыкты. Буга байланыштуу Ички иштер министринин басма сөз ызматынын башчысы Бакыт Сейитов биздин гезитке  төмөнкү фактыларды билдирди:   “Жогоруда айтылган маалыматтар чындыкка ылайык келбейт, Ички иштер министринин аталган ишке эч кандай тиешеси жок. Ички иштер органдары тарабынан жылына 60 000ден ашуун кылмыш иштери иликтенет жана министр алардын ар бирине кийлигише албайт. Төмөнкү тактоолорду беребиз: 2012-жылдын августунда Бишкектин Биринчи Май ИИБүнө гражданин М.Ш. анын наркы 27000 АКШ доллары болгон “ЛексусLS430”, баасы 45000 доллар турган “Лексус GX”, ошондой эле баасы 17500 доллар турган БМВ-Х5 машинесин алдоо жолу менен тартып алып ал машинелерди күрөөканага коюп белгисиз бойдон кеткен “Кубат” аттуу адамга карата чара көрүүнү өтүнүчү менен кайрылган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 89500 АКШ долларын түзүп, аталган факты боюнча 166-берене боюнча кылмыш иши козголгон. 2012-жылдын октябрында кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган Карабаев Кубат кармалып, СИЗО-1ге жөнөтүлгөн. 2013-жылдын июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту жабырлануучу М.Ш.нын ходатайствосунун негизинде К.Карабаевдин баш коргоо чарасын өзгөртөт. Бирок  2014-жылдын 22-майында К.Карабаевге карата кылмыш иши Биринчи Май райондук прокуроруна кошумча иликтөө үчүн жиберилет. Учурда кылмыш иши токтотулуп турат. Мындан сырткары, 2012-жылдын декабрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук УВДсына К.Карабаев Малайзиянын атуулу Мухаммад Саиф Сатиш Пилайдын үстүнөн доо арыз менен кайрылып, ал доо арызында Пилайдын 2012-жылдын мартынан июнь айына чейинки убакыттын аралыгында Малайзиянын КРдагы расмий өкүлү катарында ишенимине кирип анын 76 000 АКШ долларын алып койгонун билдирген”.

ИИМдин иликтөөсү ушундай. Министр Турганбаевдин атын жабыштырып айтып жаткан Карабаеванын артында ИИМди каралагандар, аны кызматтан кетире албай жаткан эргулдар турса керек. Бул маселе деле жакында ачыкка чыгып калышы ажеп эмес.  Аталган министрлик Карабаеванын айткан маалыматы боюнча укуктук баа берилерин кошумчалады.