Домой Коом Кубанычбек Жумалиев жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат

Кубанычбек Жумалиев жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат

3257

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев пневмониядан жабыркап, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Анын абалы оор экенин жарандык активист Мелис Аспеков билдирди. Жарандык активисттин айтымында Кубанычбек Жумалиев жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. «Маалыматты жакындарына чалып тактадым. Чынын айтканда мындай кабарды угуп жаман абалда калдым. Буга байланыштуу Фейсбукка дагы билдирүү калтыргам», — дейт Мелис Аспеков. Жарандык активист Фейсбукка төмөндөгүдөй билдирүү калтырган. «Ушул жаңылыкты окуган соң, ички дүйнөм бушайман болуп жатат. Кубанычбек байкенин батырак сакайып кетишин каалайм, абалыңыз оор экен. Мага бир топ адамдар чалып, жазып жатышат. Муну куран уруп баштады деп. Андайды уккандан кийин, жүрөгүм зырп этти. Кайдан мен бердим, кайдан сиз ала калдыңыз… Роза эже жакшылап караңыз эми байкени. Деги дем ал байке, дем ал, токтоп калба… Бутка туруп кетип, мына сага, деп бир чоң медициналык борбор куруп салчы байке. Эл ыраазы болуп калсын!», — деп жазылат билдирүүдө.