Президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айып пулдан баш тартты. Буга чейин аталган сайтка президентти негизсиз каралаган материал жарыяланган эле. Сиз бул көрүнүштү кандай баалайсыз?
— Албетте, бул Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн маанилүү жүрүш. Ошондой эле президенттин 5 миллион сомдук айып пулдан баш тартышы көптөгөн чатактардын алдын алат.
— Сөз эркиндиги болгон жерде сөзсүз жоопкерчилик да болушу керек. Мына ушул көрүнүштөн кийин 24.kg маалымат агенттиги тиешелүү жыйынтык чыгарышы керекпи?
— Кыргызстанда эң эле баалуу чоң жетишкендик – демократия менен сөз эркиндиги. Мен дайыма бул эки жетишкендик болгону менен жоопкерчилик жагы калып кетип жатканын айтып келем. Андыктан демократия менен сөз эркиндиги болгондон кийин жоопкерчилик да болушу керек. Кээде аша чаап кеткен журналисттер өз аракеттерин моюнга албай жоопко да тартылып жатат. Арабызда ошого нааразы болгондор бар. Ошондуктан мамлекет мыйзам жолу менен ар бир аракеттерди көзөмөлгө алып турушу абзел. Чектөө болбосо баш-аламандык жаралат.