Домой Коом КТРКнын «фейктер» тууралуу сюжетиндеги жалган маалымат жана пропаганда

КТРКнын «фейктер» тууралуу сюжетиндеги жалган маалымат жана пропаганда

166

Дүйнө жүзү боюнча интернеттеги жалган жана так эмес маалыматты жайылтууну мыйзам түрүндө жөнгө салуу көйгөйү турат. Бул көйгөй Кыргызстанды да айланып өткөн жок.  Үстүбүздөгү жылдын 14-майында депутат Гүлшат Асылбаева сунуштаган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга алынды.

Буга чейин factcheck.kg мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде жалган маалымат жана манипуляция бар экенин аныктап чыккан. Ага кошумча болуп мамлекеттик телеканалдар да бул мыйзам долбоору тууралуу чыгарган сюжетинде манипуляция ыкмаларын колдонгону белгилүү болду. Factcheck.kg 3-июнда КТРК даярдаган сюжетке көз чаптырып, анда жалган маалымат жана манипуляция камтылганын аныктады.

  1. Цитата: «дүйнөдө фейк жаңылыктар көбөйдү деп айтылууда»

Сюжеттин автору изилдөөчүлөрдүн цитатасына, изилдөөлөргө шилтеме кылбастан же фейк маалыматтын дүйнөгө жайылышы тууралуу анык маалымат бергендин ордуна «айтылууда» деп белгисиз авторго шилтеме кылган.

Жыйынтык: манипуляция (анонимдүү авторитет)

 

 2. Цитата: «Мисалы, Россияда […] физ. жактарга 400 миң рубль айып пул салынат».

Журналист мыйзамдын так беренесин сюжетте айткан эмес. Ал эми жалган маалымат таратуу бир эмес, эки мыйзамдын беренесине туура келерин белгилейбиз. Бири – массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамда, экинчиси – РФнын кылмыш жана жаза кодексиндеги мыйзамда. Экөөнө тең көз чаптырып көрсөк.

  • 15 массалык маалыматты кыянаттык менен пайдалануу. Төмөнкү учурларда маалыматты экинчи ирет таратуу үчүн 400 миң рубль айып пул каралган:

— эгер маалымат “жашоо-тиричилик объектилеринин, транспорттун же социалдык инфраструктуранын, кредиттик уюмдардын, энергетика объектилеринин, өнөр жайдын же байланыштын ишине тоскоолдук жаратса”;

— “жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирген жагдайларды жаратса”

— “адамдын өлүмүнө алып келсе, адамдын ден-соолугуна же мүлкүнө зыян келтирсе, коомдук тартипти жана (же) коомдук коопсуздукту массалык түрдө бузса, жашоо-тиричилик объектилеринин, транспорттук же социалдык инфраструктуранын, кредиттик уюмдардын, энергетика, өнөр жай же байланыш объектилеринин иштешин токтошуне себепкер болсо”.

Бул жагдайлар тууралуу журналист эч бир маалымат берген эмес.

РФнын Кылмыш жана жаза кодексинде да тиешелүү мыйзам бузуу бар.

207.1 — “Жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү жагдайлар тууралуу атайылап жалган маалыматтарды жайылтуу“.  Ага ылайык, “жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү жагдайлар тууралуу атайылап жалган маалыматтарды жайылтуу үчүн 300 миң сомдон 700 миң сомго чейин айып пул же бир жылдан 18 айга чейин айлык акы же башка кирешенин эсебинен акы, же 360 саатка чейинки же бир жылдык жумуш иштери же болбосо, үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Сюжетте айтылган 400 миң сом жазанын эң катуу же эң жумшак түрү деп көрсөтүлгөн эмес, бирок жазанын ичинде бар.

Белгилей кетчү жагдай, эки мыйзамда тең жаза жалган маалыматты тараткандарга карата эмес, жалган маалыматты чындык катары атайлап бергендерге карата колдонулат.

Маалыматтын аныктыгын текшербестен, аны тараткан адам менен фейкти хайп үчүн ойлоп таап, аны чындык катары берген адамдын айырмасы чоң.Дал ушул айырма тууралуу журналист сюжетте айткан эмес.
Мамлекеттик курулуш жана укук боюнча комитеттин башчысы Павел Крашенинников маалымат таратуучунун ниетине өзгөчө көңүл бурат: “Атайлап жалган маалыматты жайылтууну дана айырмалоо зарыл.  Башкача айтканда, адам жалган маалыматты билип турса да, аны ишенимдүү билдирүү катары жайылтуусун баса белгилей кетүү керек.”

Жыйынтык: жартылай чындык

3. Цитата: «Ал эми Түркмөнстанда InstagramFacebook жана Whatsapp тыюу салынган, себеби фейк маалыматтар көбүн эсе социалдык тармактар аркылуу жайылтылат».

Журналист сөз эркиндиги жагынан 180 өлкөнүн ичинен 179-орунду ээлеген Түркмөнстанды мисал келтирүүдө. Албетте, бул тоталитардык өлкөгө кайсы гана мамлекетти салыштырбасын, ал эркинирээк болуп көрүнөт.

Түркмөнстан  Facebook социалдык тармагына 2012-жылы тыюу салган.  Ошол эле жылдын күз айларында мессенджерлер да тыйылган. Ал эми фейктердин массалык түрдө жайылышы 2016-жылдан тарта байкалган — дал ушул жылы Оксфорд сөздүгү бул терминдин көп колдонулушун байкаган.

Андыктан, Түркмөнстандагы социалдык тармактарга салынган тыюу менен фейктерди байланыштыруунун өзү туура эмес.

Жыйынтык: манипуляция (кабыл алуу кеңдиги, логикалык ката)

 

4. Цитата: «Эң катаал жаза Германияда каралган. Жакында эле мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, басылмалар жалган маалыматты таратканы үчүн 50 миллион евро өлчөмүндө жазага тартылышы мүмкүн».

Казакстандык Factcheck.kz сайты бул өзгөртүүлөрдү анализдеп чыккан. Ага ылайык:

  • Биринчиден, айтылган айып пул басылмаларга эмес, социалдык тармактарга таандык;
  • Экинчиден жалпыга маалымдоо каражаттарынын сайттары тууралуу бул мыйзамда такыр айтылган эмес;
  • Үчүнчүдөн, бул — манипуляция. Аталган мыйзам биринчи кезекте, жек көрүүчүлүккө, конституцияга каршы уюмдарга жана жеке адамдарга акаарат келтирүү чакырыктарына каршы туруу жөнүндө.

Жыйынтык: жалган

 

5. Цитата:«ошол эле учурда мыйзам долбоору сөз эркиндигине эч кандай кысым көрсөтпөйт» — Factcheck.kg буга чейин мыйзам долбоорун анализдеп, аны интернеттеги цензура киргизүү аракети катары баалаган жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүлүп, жарандардын конституциялык укуктарынын бузулушуна алып келерин аныктаган.

Жыйынтык: жалган

Жыйынтык: 2020-жылдын 3-июнунда жарык көргөн КТРК сюжети манипуляция, пропаганда жана жалган маалыматтын негизинде даярдалган.

Таша Соколова, «Монитор Медиа»  редактору

Булак: factcheck.kg