Жогорку Кеңешке “Бир Бол” партиясынан талапкер Чынара Капарованын тарапташтары бүгүн дагы КТРКны мыйзамсыз басып алуу аракетин көрүп жатышат деп жазылат Коомдук биринчи каналдын сайтында.
“Анын ичинде Капарованын жаалданган тарапташтары “Ала Тоо 24” каналынын продюсерин мыйзамсыз кызматтан алуу амалдарын улантууда. Онго чакты жоон билек жигиттер КТРКнын имаратынын алдына келишкен. КТРКнын эмгек жамааты элдик кошуундун өкүлдөрү менен биргеликте корпорациянын имаратын, андагы баалуу техниканы коргоо алып жатат. Коркутуп келген жигиттер менен КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Мирлан Самыйкожо жолугуп, сүйлөштү“,- деп жазылат.
Эске сала кетсек Чынара Капарова баштаган “Бир Бол” партиясынын өкүлдөрү кечээ 6-октябрда дагы “Ала Тоо 24” каналынын продюсерин мыйзамсыз кетирүү аракеттерин көргөн. “Ала Тоо 24” каналынын эмгек жамааты Капарова менен иштешпей турганын айтып, каршылыгын билдирген. Анын соңунда КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Мирлан Самыйкожо азыркы продюсер Сюита Соурбаева ишин уланта турганын билдирген.
булак: eldik.media