Домой Коом КСДПнын президенттикке талапкери бирөө жана ал аныкталган

КСДПнын президенттикке талапкери бирөө жана ал аныкталган

42

       5b6b581767aa4cd0f262a885ccd721e9        Буга чейин КСДПнын саясый кеңеши өз жыйынында алдыда өтө турган президенттик шайлоодо талапкер катары учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду сунуштоону чечишкен. Бирок, ошондон кийин деле айрым маалымат булактары «КСДП шайлоодо эки талапкер алып чыгат экен» деген сыяктуу маалыматтарды берип жиберишкен болчу.

Албетте, эл ичинде ар кандай сөздөр айтыла берет. Бирок, КСДПнын чечими эми өзгөрүлбөй тургандыгы маалым болду. Мамлекет башчысынын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов маалымат агенттиктеринин бирине курган маегинде бул кызматынан кетип атканынын себебин sildenafil super active.  ага КСДПнын талапкеринин шайлоо алдындагы штабын жетектөө тапшырылгандыгы менен түшүндүрдү. Ошону менен бирге КСДП алдыда өтө турган президенттик шайлоодо талапкери бирөө боло турганын жана ал аныкталгандыгын билдирди. “Биринчиден, көрсөтүү Жогорку Кеңеш шайлоо күнүн белгилөө тууралуу токтом кабыл алгандан кийинки күнү башталат. Бирок, саясый кеңеш келечектеги талапкерди аныктады. Бул учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Биздин партия – бул тирүү организм, анын ичинде ар кандай пикирлер болушу мүмкүн. Башка партиялаштардын ою башкача болушу мүмкүн эле. Бул кадыресе көрүнүш. Бирок, саясий кеңештен эки жума өткөн соң, Сооронбай Шариповичтин талапкерлиги дээрлик бардык жергиликтүү партиялык уюмдардан колдоо тапты. Биздин талапкерибиз бирөө жана ал аныкталды. Албетте, биз конференция жана сңезддерди өткөрөбүз. Жоопкерчилик жогору, ошондуктан штабда иш көп”, — дейт ал.

Демек, буга чейин анча-мынча каңшаар сыяктуу айтылып келаткан «КСДП эки талапкерди алып чыгат экен» деген сөзгө чекит коюлду. Кыргыз элибиз айтмакчы «күч бирдикте». Бир бүтүн күчтү экиге бөлүүнүн эч кандай кажети жок болчу…