Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Жактоочунун айтымында, Жолдубаева биринчи жолу 14-декабрда чакырылып, баргандан кийин алты-жети саат суракка алынган эмес. Соңунда ага дүйшөмбү, 16-декабрга саат 11:00гө чакыруу тапшырышкан.
Жоошев Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуялары боюнча күбө катары беттештирүүгө тартылышы мүмкүндүгүн белгилеп, анын макамы күбөдөн шектүү катары да өзгөртүлүп калышы ыктымал экенин кабарлады.
Жолдубаева мурдараак ушул эле окуяларга байланыштуу ИИМге бир нече жолу күбө катары сурак берип чыккан.
Ушул жылдын 7-августунда УКМКнын кызматкерлери Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүргүзгөн. Биринчи операция ийгиликсиз аяктап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. 8-августта Атамбаевди кармоо боюнча экинчи операция болуп, аны ИИМ ишке ашырган. Анда Атамбаев жана анын тарапташтары өз эрки менен колго түшүп беришкен.
Кой-Таш окуясында жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар.
Булак: Азаттык