Домой Коом КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кармалды

КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кармалды

188

КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы “А.А.М.” кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын УКМК ККК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Ошентип 15-декабрда аталган иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98 беренесинин негизинде, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы “А.А.М.” кармалып, КРнын УКМК убактылуу кармоочу жайынакиргизилген.

Учурда бул кызматта Араев Азамат Муратович иштеп жаткан, ага УКМК берген инициалдар дал келип жатат.