Домой Азил Кризис… бирок баары жакшы…

Кризис… бирок баары жакшы…

82

Турдуназир Бекбоев

Бир жолу телевизордон өңүндө кан-сөлү жок бозоргон Каржы министри Касмалиев чыгып мындай деди:
— Бүт дүйнөдө болуп жаткан каржы каатчылыгынын бизге тиешеси жок. Мен туурасын айтып жатам.

Муну уккан калың калк туз, ширеңке жана кант сатып алуу үчүн дүкөнгө илкип жөнөштү. Анын экинчи күнү кызарып-татарган Айыл чарба  министри Турдуназир Бекбоев чыгып мындай деди:
-Казнадагы дан менен эң керектүү товарлардын запасы бизде жетиштүү. Мынакей цифралар.
-Ох! – деген адамдар ун менен күрүч сатып алууга жөнөштү.

Өкмөт башчы чыгып мындай деди:
-Кыймылсыз турак-жайга баалар ылдыйлайт. Керек болсо ар бир студент өзүнө үй сатып алса болот! Бизде баары сонун айланайындарым. Түшүнүп жатасыңарбы, баары сонун! – деп созолонду башбакан.
-Биз баарын түшүндүк – деген эл өздөрүнө кепиндик кездеме алуу үчүн базарларга агылышты…