О, кудуреттүү футбол! Сен өзүңдүн өзгөчөлөнгөн гармонияң менен кызыксың… Кечээ жакындан баштап (жайкы эс алуудан кийин) Европанын бардык мамлекеттеринин футболдук клубдарында мына ошол кудуреттүү футболдун жаңы футболдук чемпионаттын жаңы сезону старт алды. Жер планетасындагы жалаң көк жал бөрүлөр иргелген футбол жылдыздарынын оюну башталды. Ооба, алар саясаттан дагы спорттук мүдөөнү жогору койгондор.Отту, чокту «алаканга» чогуу калап көнүшкөндөр… Айтмакчы, жакында футбол дүйнөсүндөгү ошондой көк жалдардын бири болгон Криштиану Роналду футбол дүйнөсүндөгү эң кадырлуу сыйлыктардан болуп эсептелген «Легенда» сыйлыгынын ээси болду. Биз, болуп өткөн ошол аземден кийин сыйлыктын жаңы жеңүүчүсүнүн маегин өз тилибзде, өз окурмандарыбызга сунуштоону эп көрдүк. Анткени футбол жалгыз эле европейлерге эле таандык эмес да. Ошондуктан бул маек ошол улуу футболду кыргызча сүйлөтөлү деген аракетибиз, урматуу окурман!
-Сиз, өзүңүздүн футболук карьераңызда дээрлик бардык трофейлерди уттуңуз. Ошол ийгиликтериңизге канаатанасызбы?
-Өткөн жылдан тартып менин футбол жаатында көптөгөн өзгөрүүлөр болу. «Реал Мадриддеги» жеңиштеримден кийин мага кайрадан мотивация керек болду. Андан ары да өз футболумдумда жаңы өзгөрүүлөргө багыт алууну максат кылдым. Ал үчүн ар дайым мотивацияда болууну өзүмө өзүм талап кылдым. Бул спортко дагы да жаңы кызыктуу бурулуштарды алып келем, көрөрмандарым, мени колдогон, мага ишенген «Ювентустагы» футбол фанаттары үчүн дагы да жаңы кубанычтарды тартуулайм деген терең ишеничтемин. Азыр мен мотивациянын айлампасындамын, жана билем, жогоруда айтып кеткендей жагымдуу нерселерди жаратыш үчүн эмне кылуу керек экендигин. Албетте, дагы да жаңы трофейлердин ээси болгум келет. Кудайга шүгүр, өткөн сезондо бир нече ийгиликтердин ээси болууга жетиштим: А сериясында чемпиондук Кубокту уттум, андан соң Улуттар Лигасында Португалия курама командасында башкы ийгиликти жараттык.
-Сиздин ошол футбол майданында алган сыйлыктарыңыз чынында эле өтө көп, балким алар үчүн атайы музей ачса да болчудай?
— Сыйлыктарым сакталган, аны көрүүчүлөр ар убакта көрүп, жакындан тааныша турган жай бар.
-Бүгүнкү алган сыйлыгыңыздын мааниси кандай, деги эле бул сыйлык эмнени түшүндүрөт?
— Бул өтө баалуу сыйлык. Аталган сыйлык дүйнөлүк футбол мыктыларынын мыктыларына гана ыйгарылат. Планетабыздагы легендарлуу делген булгаары топ чеберлеринин катарында болугонум мен үчүн өтө чоң сыймык.
— Кандай дейсиз, Маурици Сарри футбол талаасында сизге мурдагыдай эркиндикти береби же…? (М.Сарри «Ювентус» клубунда жаңы сезондон баштап башкы машыктыруучусу болуп дайындалды-ред.)
-Албетте ар бир машыктыруучунун өз тактикасы, өз көз карашы болот, ошондой эле футболчунун дагы. Бирок, футбол бул командалык оюн. Мен ойлойм ал кишинин максатында мага тиешелүү ролу бар болуш керек деп.Ал эми менин аракетим буга чейин «Реалда», Улуттук курама командада, кийин «Ювентуста» жасаган ишимди уланта берем деп. Ким же кандай абал жаралса да мен чабуулда өзүмдү алып жүргөм жана да ошол тактикаларымды улантам. Бул жалпы команда үчүн жакшы нерсени гана алып келет.
-Сиздин айтканыңыз бар «мен чоң футболдо 40 жашка чейин ойнойм» деген. Азыр өзүңүздү кандай сезип жатасыз?
— Жаш курагымдын өткөнү жана азыркы курагым мага тоскоолдук деле жаратпайт. Ал эми физикалык формам, саламаттыгым ойдогудай. Эгер чынын айтсам мага, ушунча жашка келсем да менин ар дайым мотивацияда жүргөнүмө суктангандар да көп. Ал эми кимибиз болсок да саламаттыгыбызга ар дайым кам көрүшүбүз абзел, ошондо гана бардыгы жакшы болот. Албетте футболдогу карьера өмүр бою болбойт, мезгил деген деген мезгил. Жашшо деген ушундай. Ар бир нерсенин башталышы менен бирге эле анын аягы да бар. Ал эми учурдагы мезгилим, курагым боюнча айта кетсем мен өзүмдү кадыресе күчтүү сезем жана да дагы да далайлаган жеңиштерди багынтам деген ишенич менде терең!
-Кандай дейсиз, балким жаңы сезондо «Ювентус» Чемпиондор Лигасынын чемпиону болоорсуздар?
— Ар жыл сайын Чемпиондор Лигасы старт алгандан тартып эле көпчүлүк быйыл «Реал» же «Ювентус» же «Барстар» титулду алышат деп боолгоп келишет. Жашырганда не, мисалы дал ошондой бийик трофейди утуп алыш үчүн акыркы беш жылдан бери «Барселона» оюнчулары үчүн канчалаган көп акчаларды жумшап келет. Биро, жыйынтыгы алар каалагандай болбой келет. Ал эми «Ювентус» туурасында айта турган болсом ар дайым эң мыкты даярдыктагы курам менен сезонду баштап келебиз. Команданын бир гана максаты-жеңиш. Бирок, оюн деген оюн экен, коюлган максатка жетиш үчүн көп учурда мыкты оюнчулардын кокусунан жаракат алып калышы, календардык пландардын ыңгайсыз учурларга туш болуп калышы сыяктуу факторлор жеңишке жетүүгө өз кедергисин тийгизип койот. Бирок, ошентсе сизин сурооңузга жооп кылып бир нерсени чоң тилек менен бас белгилеп кетким келет, «Ювентус» быйыл кокус жеңишке жетпей калса, анда алдыңкы эки жылдын ичинде Чемпиондор Лигасынын чемпиону болот деп ишенем жана үмүттөнөм. Себеби, азыр биздин клубда жеңишке жетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар.
-Чемпиондор Лигасы демекчи, сиз ушул туурасында Буффон менен баарлаша алдыңызбы?
— Менин жан дүйнөмдө Буффон дүйнөдөгү эң мыкты дарбазачы. Мындай ой менде ар дайым жашайт. Мен аны менен көп жолу экөөбүз эки башка клубдарда ойноп, бири-бирибизге каршы атаандаш болуп далай беттешкенбиз жолу беттешкенбиз. Ал эми азыр болсо экөөбүз бир командада ойнойбуз. Бул тууралуу ал «сени менен бир клубда ойноо мен үчүн кубанычтуу» деп айтканы бар. Мен да так эле ушундай сөздү ага айткам. Эгер калыстык менен айта турган болсом Буффон менен Касильяс дүйнөлүк футбол тарыхында өзгөчө из калтырган эң мыкты жана таланттуу дарбазачылар.
—А эмне үчүн сиз «Реалды» таштап кеттиңиз?
-Мен «Реалда» тогуз жыл ойнодум. Менин өмүрүмдөгү көптөгөн кызыктуу окуялар ошол «Реалда», Мадридде өттү. Бул жерде мен бир эле футбол туурасында айтып жатканым жок. Испанияда мен өмүрлүк жарымды таптым, эки балам Мадридде төрөлдү. Эч убакта өмүрүмдөн өчүрүлбөй турган көп окуялардын күбөсү болду. Ошондуктан Мадридде үйүмдү ошол бойдон сактап келем, кандай убакыт табылса мен ал жакка те-тез каттап турам. Мен ал шаарды абдан сүйөм.
— Мадрид деп атпайсызбы, ал жактагы мурдагы командалашыңыз Марсело менен мамилеңиз азыр кандай? Аларды да сагынасызбы?
— Мен Марсело менен да, Кейлор, Пепе, Куинтрау жана башкалары, баары менен тең эле мамлием жакшы. Ал эми Марсело өтө позитивдүү жана мыкты жигит. Албетте, мен аларды ар дайым сагынам
-Ал эми «Барселона» жөнүндө эмне дейсиз?
-Быйыл «Барселонанын» курамы мыкты оюнчулар менен толукталды. Де Йонгу менен Гризман барды. Былтыр Коутиньо менен Дембеле тартылган. «Барселона» чындап келгенде дүйнөдөгү эң мыкты командалардын бирден бири. Убагында ал клубда да менин издерим калган, көптөгөн трофейлерди уткам. Быйылкы жаңы сезондо алар мыкты көрсөткүчтөрдү көргөзүшөт деп ишенем.
-Неймар дагы «Барселонага» кетип жатыптыр деп атышат го?
-Аныгын билбейм. Балким газаталарын өткөрүш үчүн журналистер мындай маалыматты атайылап таратып жатышы да мүмкүн. Бирок, менин оюм боюнча Неймар «ПСЖ»да эле калса керек. Ал өтө таланттуу оюнчу, анын оюну мага абдан жагат. Балким гезиттерде жазылгандай болуп калышы да мүмкүн. Бирок, ал кандай чечим кабыл алган күндө да мен ага чың ден-соолукту жана ийгиликтерди гана каалайм. Ылайым жаракат алуудан алыс болуусун тилейм.
-Сиз кайрадан Мадридде жашагыңыз келет беле?
-Албетте. Балким андай мүмкүнчүлүк жаралып калышы да мүмкүн. Мен башында айтып өттүм го, ал шаар мен үчүн өзгөчө экенин. Бирок, азыр мен Италия үчүн, «Ювентус» үчүн басым жасоодомун. Баарын мезгил көрсөтөт, кандай эмне өзгөрүүлөр болоорун. Андыктан учур чак менен жашайлычы, а калганын убакыт көрсөтөт…
Кенжебек Арыкбаев («Marca» гезитинен которулду)