Домой Экономика КРге бажы төлөмүсүз электромобиль алып келүүгө уруксат берилип, квота коюлду

КРге бажы төлөмүсүз электромобиль алып келүүгө уруксат берилип, квота коюлду

9
Кыргызстанга электромобиль ташып келүүдө бажы алымдарын жокко чыгаруу чечими чыкты. Токтомго 17-май күнү министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон.
Аталган норма Евразия экономикалык комиссиясынын үстүбүздөгү жылдын 17-мартындагы чечиминин негизинде кабыл алынган. Бүгүнкү күндө ал күчүнө кирди.
Ошол эле учурда квота коюлган. Ага ылайык, быйыл кыргызстандыктар бажы алымын төлөбөй 5 миң электромобиль, 2023-жылы 10 миң даана автоунаа алып келе алат.
ЕАЭБдин башка өлкөлөрү да белгилүү квоталарды алышкан. Ал эми Россия өзүнүн электротранспортун чыгарууга белсенип жатат.