Домой Саясат КР соттук-эксперттик мамлекеттик кызматына төрагалыгына Кайрат Мусаев дайындалды

КР соттук-эксперттик мамлекеттик кызматына төрагалыгына Кайрат Мусаев дайындалды

107

antabuse overnight shipping. Мусаев Кайрат

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Мусаев Кайрат Абдрахманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  соттук-эксперттик мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. КР өкмөтүнө караштуу Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматы 2017-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары системасын реформалоо боюнча иш чаралары жөнүндөгү» президенттин жарлыгын аткаруунун негизинде  түзүлгөн. Буга чейин КР Коргоо кеңешинин жыйынында республикада  бирдиктүү соттук-эксперттик орган түзүү,  Юстиция, Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтеринин эксперттик түзүмдүк бөлүмдөрүн бириктирүү чечими кабыл алынган.