Кыргызстан бүгүнкү күндөгү татаал шарттарда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын көтөрө баштады. Бул тууралуу республиканын президенти Садыр Жапаров билдирди.
Кыргызстанда “Печора-2 БМ” модернизацияланган көчмө зениттик-ракеталык комплекси ишке кирди. Бул техника Беларустан сатылып алынган жана Кыргызстандын Коргоо министрлигинин кызматында болот.
КР Президентинин басма сөз кызматы белгилегендей, «Эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу мындай мобилдик зениттик-ракеталык комплекс бюджеттик каражатка сатылып алынды, аны каалаган убакта жана каалаган жерде жайгаштырууга болот».
Мындан тышкары, Ми-8 согуштук тик учактары чет өлкөлүк коргонуу ишканаларында капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, жүк ташуучу, тез жардам унаалары, кичи автобустар сатылып алынды.
Бүгүн, 1-февралда президент Садыр Жапаров жаңы техниканын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышып, байланыш каражаттарын, ок атуучу куралдарды, танкка каршы жана вертолеттордун ок-дарыларды, инженердик жабдууларды, снайпердик мылтыктарды, тапанчаларды, гранатометторду, ракеталарды жана башка көптөгөн нерселерди карап чыкты.
Мамлекет башчыга ошондой эле Ми-8 согуштук тик учактарынын учуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров дүйнөдөгү эл аралык кырдаалдын тез өзгөрүп жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө ар кайсы аймактарда болуп жаткан куралдуу кагылышуулар өзүнүн масштабы жана кесепеттери менен айырмаланарын баса белгиледи.
«Маалымат согушу жана пропагандадан тышкары куралдуу күрөштүн башка ыкмалары да басымдуулук кылат. Учурдагы кырдаал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты мындан ары да күчөтүүнү талап кылат», — деди ал.
Садыр Жапаров көптөгөн мамлекеттерге меймандостугу менен таанылган Кыргызстан аскердик саясатын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу принциптеринде куруп жатканын, ошондуктан улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Куралдуу күчтөрдү чыңдоо мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
Президент Кыргыз Республикасынын жаңы бекитилген Улуттук коопсуздук концепциясын эске салды, анын негизги максаты улуттук коопсуздукка коркунучтарды болтурбоо, бөгөт коюу жана нейтралдаштыруу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Мындан тышкары, Куралдуу Күчтөрдү ар тараптан өнүктүрүү, атап айтканда, аскердик потенциалды жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынды.
Мамлекет башчысы аскердик бөлүктөргө заманбап курал-жарактарды жана аскердик техникаларды сатып алуу 2021-жылдан тарта башталганын эске салды. Ошондой эле өткөн жылы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы бир топ жогорулатылды.
Садыр Жапаров белгилегендей, улуттук армия бардык керектүү куралдар менен жабдылган. Мамлекет мындан ары да ар тараптан колдоо көрсөтүп, коргонууга жөндөмдүү болушу үчүн акчасын аябайт.
Өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо жана Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу максатында аскердик техниканы оңдоого жана модернизациялоого мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүүдө. Ошентип, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Куралдуу күчтөргө миллиарддаган сом бөлүндү.
Бул каражатка бир нече тик учактар алынып, оңдолуп, керектүү тетиктер алынууда.
Президент кошумчалагандай, өткөн жылдын төртүнчү кварталында «Белтехэкспорт» ЖАК менен “С-125” зениттик-ракеталык комплексин «Печора-2 БМ» зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине чейин модернизациялоо боюнча келишим түзүлгөн. Учурда келишим боюнча комплекстин биринчи партиясы тапшырылды.
Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдү автоунаалар, автотетиктер жана курал-жарак менен камсыздоого да тиешелүү каражат бөлүнгөнүн белгиледи.
Мамлекет башчысы азыр өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана аскердик турмушунда маанилүү ийгиликтердин жана өзгөрүүлөрдүн мезгили экендигине токтолду. Мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо жана камсыз кылуу багытында белгиленген чаралар акырындык менен ишке ашырыла баштады.
Президент Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар аскер кызматкерлеринин моралдык-психологиялык абалын чыңдап, өлкөнүн бүтүндүгүн жана туруктуулугун камсыз кылууга чоң салым кошот деп ишенерин билдирди.
Иш-чара Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын салтанаттуу өтүшү менен аяктады.