Былтыр ыйкы-тыйкы боло бергенинен тарап кеткен шаардык кеӊештин депутаттары 28-майда эптеп шайланышкан болчу. Тилекке каршы дагы эле тирешүүдөн моокумун кандыралбагандар эки жаат болуп алышып, бир тилге келбей турушкан кези. Наркы жээктеги оппозициячыл партиялар “Өнүгүү” менен “Ата-Журт” ийкемге келер түрү көрүнбөйт.
Коалицияга кирген партиялар болсо тигилердин катышуусу болмоюнча бир орунда тыгылып тура беришери ыктымал. Ушулардын кармашынан Жалал-Абад шаардык мэриясынын бюджети каралбай иш аксап турат. Убактылуу шаар башчылык милдетти Салайдин Авазов билгичтик менен өтөөдө. Ошентсе да өнүгүүгө тоскоолдук жараткан азыноолак депутаттардын мурдун балта кеспечүдөй. Мунун аягы дагы тароо менен коштолот шекилди.