Картошканы өнүп кетүүдөн сактайбыз. Кышка камдап алган картошкабыз жазга маал өнө баштаганын баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Мындай болбош үчүн картошка салынган капка кадимки алмадан салып койсоңуз картошка ошол бойдон сакталат.
* * *
Шорпону ашыкча туздап алсаңыз. Шорподогу ашыкча тузду соруп алуу үчүн ага бир картошканы ортосунан бөлүп салып койсоңуз, андагы ашыкча тузду соруп алат.
* * *
Кийимдин сыдырмасы бузулганда. Мындай учурда гигиеналык ооз боёгуч, самын же болбосо кадимки шам менен сыдыргыны сүртүп койсоңуз ал калыбына келип зымылдап калат.
* * *
Жашылчанын витаминин сактайбыз. Тамак-ашка кошулган жашылчалардын витаминин сактоо үчүн аларга муздак эмес, кайнак суу куюш керектигин көбүбүз билбесек керек.
* * *
Монитордун нурлануусунан сактануу. Бул үчүн сиздин компьютериңиздин мониторунун жанына кадимки кактус гүлүн коюп коюңуз. Кактус гүлүнүн радиацияга каршы касиети бар.
* * *
Курт-кумурскадан арылуу. Үйдө курт-кумурска көбөйүп кетпестиги үчүн суу менен чай дарагынын майын кошуп аралашма жасап, аны эшик-терезелерге чачуу керек. Ошондой эле кебезге чыланган лаванда майы да аларды үйгө жолотпойт.
* * *
Май чачырабасын десеңиз. Көмөч казанга бир чымчым туз салып койсо, ага куюлган май тамак даярдап жатканда чачырабайт.
* * *
Жумуртканы туура бышырабыз. Жарака кеткен жумуртканын ичиндегиси агып кетпей бышуусу үчүн аны туздуу сууда кайнатуу керек.
* * *
Бууга бышкан тамактар. Эгерде бууга бышырып жаткан манты, оромо сыяктуу тамагыңыз бат бышсын десеңиз, кастрюлдагы сууга туздан салып коюу керек.
* * *
Колдогу жагымсыз жытты кетирүү. Балык же пияз тазалагандан кийинки колдогу жагымсыз жытты кетирүү үчүн туздалган суу менен колуңузду чайкасаңыз жыт заматта жок болот.
Аида Мусаева