Домой Саясат Космосбек Чолпонбаев: “Умрадан келген ажыларды текшергенде, “биз ыйык жерден келдик, тазабыз” дешкен”

Космосбек Чолпонбаев: “Умрадан келген ажыларды текшергенде, “биз ыйык жерден келдик, тазабыз” дешкен”

182

Бүгүн, 19-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөттөгү брифингде Умрадан келген рейсти токтотуп, текшергенде ажылар нааразазы болгонун билдирди.

Ал Кыргызстанга коронавирус келгени 17-мартта кечки саат 7лерде белгилүү болгонун айтып, жарандарды ыкчам түрдө изоляция кылуу максаты турганын айтты.

“Биздин максат – аларды ыкчам түрдө изоляциялоо болчу. Биз бул максатты аткардык. Мындай айтканда, 24 саат Кыргызстанга кирип кеткен 142 кишини таап, орду-ордуна койдук. Менин оюмча бул аябай чоң жумуш. Экинчиси, алардын бардыгы жайгаштырылып, бардыгынын шарттары жакшы” – деди министр.

Ал Умрадага ажылар январь айында кеткенин белгилеп, ал кезде дүйнөлүк маалыматтар боюнча, Сауд Арабиясында инфекциянын жугушунун көп учурлары катталган эместигин айтты.

“Чартердик каттам менен келген ажыларды токтогула дегенде дагы, “биз ыйык жерден келдик, тазабыз” дешкен. Буга карабай биз алдын ала текшерүүлөрдү жүргүзүп, медициналык көзөмөл койгонбуз. Алардын жөн эле коё берип жибергенде, азыр алардын баарын табыш кыйын болмок” – деди Космосбек Чолпонбаев.

Ал бардык медициналык кызматкерлер, чек арачылар, ар бир орган ощол кездеги алгоритмге ылайык иш алып барганын белгиледи.

“Коронавирус – тастыктылган инфекциялык оорулардын ичинен дагы төмөн турат. Бул жаңы болгондуктан эле, ажиотаж болуп жатат. Биздин эң негизги максат –  коронавирусту жуктуруп алгандардан башкаларга таратпай, токтотуу. Ошон үчүн баарыбыз жапатырмак чогуу иштеп, жардам берүү зарыл” – деди министр.

Булак: Кыргыз тудей