Домой Коом Космосбек Чолпонбаев: “Орусияда таажывируска каршы иштелип чыккан дары эффективдүүлүгүн көрсөтсө, Кыргыз өлкөсү...

Космосбек Чолпонбаев: “Орусияда таажывируска каршы иштелип чыккан дары эффективдүүлүгүн көрсөтсө, Кыргыз өлкөсү аны сатып алганга даяр”

23
Бүгүн, 30-мартта онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  таажывирус илдетине каршы Орусия иштеп чыккан дары эффективдүүлүгүн көрсөтсө, Кыргыз өлкөсү аны сатып алганга даяр экенин айтты.

Анын айтуусу боюнча департаментке бул маселе тууралуу атайын тапшырма берген.

“Орусиялык кесиптештерибиз менен байланыштык. Азыркы тапта алар иштеп чыккан дары менен бейтаптарды дарылап, аны текшерип жатышыптыр. Эгерде дары тажывирусту дарылоодо эффективдүү болсо, биз аны сатып алганга даярбыз”, – деди Чолпонбаев.