Кечээ, 17-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кандай кылмышка шектелип жатканы жөнүндө маалымат берди.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын өтүнүчү жана кылмыш иштин материалдарынын жыйынтыгында Башкы прокуратура кечээ, 17-сентябрда Космосбек Чолпонбаевдин Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү тараткан.
«Чолпонбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген пайдасыз келишимдерди түзгөн. Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 65 млн сомго жакын зыян келген», — деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Чолпонбаевдин бөгөт коюу чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Мурдагы министр Бишкек шаарындагы СИЗО-1 мекемесинде 15-ноябрга чейин кармалат.