Китеп – бул адамзаттын цивилизациялуу жашоосунун башаты. Китеп – бул бардык нерсенин башаты. Китеп – бул келечек муундун билим алуусу үчүн негизги башат! Анда эмесе сөз башынан болсун.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” Республикалык илимий-практикалык борборунда азыркы учурда болуп жаткан коррупциялык көрүнүштөр жана баш аламандыктар боюнча сөз кылбасак болбойт окшойт.
Аталган “Окуу китеби” Борборунун ачылганына эки жылдын жүзү толо элек болсо да, ал жердеги акыркы бир жылдагы финансылык мыйзам бузуулар жана коррупцияга малынган жетекчиликтин мыйзамсыз иш-аракетери чектен чыккандай…
Атап айтканда, бул Борборду 2022-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспекторунун атайын пландуу аудиттин алкагында шайкештик аудити аттестациялоо ыкмасы менен жүргүзүлгөн. Бирок, тилеккке каршы анын жыйынтыгында чаралар көрүлбөй калган.
Андан кийин, Борбордогу бир жылдын ичинде болуп жаткан коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн. Аталган буйрукта министр мырза тарабынан 2022-жылдын 28-октябрынан 04-ноябрына чейин комиссия мүчөлөрү тарабынан текшерүү иштерин кылдаттык менен териштирүү талабы коюлган. Аталган комиссиянын чечими тиркелди.
Текшерүү учурунда, аталган комиссия Борбордун директору Ч.К. жана башкы бухгалтери И.С. тарабынан келтирилген коррупциялык, финансылык, кадрдык одоно мыйзам бузуулар табылган. Комиссиянын чечиминде Борбордун директору Ч.К. жана башкы бухгалтери И.С. ээлеген кызматтарынан алуу боюнча сунуш берилген. Ошондой эле директордун жумуш ордунан алуу боюнча министрликтин буйрук долбоору иштелип чыкканы маалым болгон. Аталган буйрук министрликтин тиешелүү кызмат адамдары тарабынан макулдашуудан өтүп, акырында министр мырзага келип такалган.
Таң калыштуусу, министр мырза өз ишин аябай жакшы билгендиктен бул Борбордогу коррупциялык көрүнүштөргө билегин түрүп иш баштады эле. Аттин арман, анан эмне болду бул жагы? Ким билет? Министр мырзанын позицисы таң каларлык болуп калды. Тагыраагы, министрликтин жетекчилиги Борбордо болуп жаткан коррупциялык баш аламандыктарга көз жуумп, аталган директорго “сөгүш” жарыялап гана тим болду. Мындай кадам менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги коррупциялык иштер менен күрөшпөй эле, кайра аны жасап, гүлдөтүп жаткан кызматкерлерин бапестеп, калкалап калганы таң калтырат.
Кошумчалай кетчү нерсе, Борбордун директору менен башкы бухгалтери Борбордун кызматкерлеринин 25 пайыз айлык акысын кармап калып, биз үчүн мыйзам “биздин гана мыйзам” деген ураан менен каалаганын калчап жаткан кездери. Мындай мамлекеттик мекемеде иштеп жатып, бардыгы биз айткандай болот, көнсөнөр иштейсиңер, көнбөсөңөр жоголгула деп өз кызматкерлерин коркутуп-үркүтүп, күн көрсөтпөй жаткан директор менен башкы бухгалтерге ким “крыша” болуп жатат?
Адатта, бир байкуш кызмтакер бир күн жумушка барбай калса “статья” менен кетирем деп коркуткан директор менен бухгалтерди калкалаган баатырлар ким болду экен?
Мектеп окуу китептерин басып чыгаруунун алдындагы экспертиза өткөрүү Борборунда ушунчалык мыйзам бузуулар, интригалар болуп жатса, анда окуу китептерибиздин сабаттуу болуп чыгарына ким кепилдик бере алат? Же балдарыбыздын келечеги ушуга окшогон директор менен башкы бухгалтердин колунан өтсө башка нерсени үмүт эткенибиз куру болуп эле калат го. Же, мындай стратегиялык мааниси биринчи орунда турган Борбордун, чоң тармактын жетекчилигин мыйзам талаасында тартипке чакырып, иштей турган чыныгы профессионал адистерди койсо болбойбу?
Бул маалыматка Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров, Кыргыз Республикасынын УКМК башчысы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев көңүл буруп, мындай коррупциялык көрүнүштөрдү жасап жаткан тиешелүү адамдарга тиешелүү чараларды тез арада жасайт деп ишенебиз.
Тийиштүү документ тиркелди.