Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 15-мартта аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, Башкы прокуратура бажычыларга Кылмыш кодексинин “аткезчилик” жана «кызмыт абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде иш козгогон. Белгилү болгондой, “Ош” бажысынын өкүлдөрү 2017-жылы Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу фактуралык наркы 49 миң доллардан ашуун товарды ташып кирүүгө байланыштуу транзиттик декларацияны негизсиз жүргүзгөн. Бул иштин айынан мамлекетке 686 миң сомдук зыян келтирилгени айтылууда. Кылмышка шектүү кызматкерлер бажы транзитин мыйзамсыз бүтүрүп берген деп да айыпталып жатышат.
8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч жана фискалдык органдардын, прокуратура кызматкерлерин жана соттордун ишин кескин сынган алган. Натыйжада айрым күч түзүмдөрү, коррупцияга каршы кызматтар активдеше баштады. Бирок, миллиондогон суммаларды жеп, бүтүн системаны коррупцияга айлантып алгандар азырынча жоопко тартыла элек. Тиешелүү органдар президенттин талабын тез арада аткарышы керек.