Домой Саясат Коррупцияга байланышкан резонанстуу иштер аягына чыгарылат

Коррупцияга байланышкан резонанстуу иштер аягына чыгарылат

69

              1037729582

27-март күнү президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Анда А. Сегизбаева мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдын 8-февралында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынынын чечимдерин ишке ашыруунун жүрүштөрү боюнча маалымат берди жана коррупцияга каршы күрөш боюнча алдыда аткарыла турган пландар талкууланды.

buying anipryl without a prescription.

С. Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынынын чечимдерин аткаруу боюнча алгачкы жыйынтыктар бар экенин белгилеп, бирок коррупциялык иш-аракеттерди аныктоо боюнча жумуштарды тездетип, резонанс жараткан коррупциялык иштерди аягына чыгаруу талабын койду. «Жарандардан келип түшкөн бир да арыз же кайрылуу жоопсуз калбашы керек», — деди мамлекет башчысы.

Мындай талап президент С. Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү аракетинен кайра кайтпай тургандыгын көрсөтүп турат. Талап катуу коюлса, жыйынтыктар да натыйжалуу боло турганын көрүүдөбүз. Андыктан эми коррупцияга байланышкан резонанстуу иштер аягына чыгат деген ишеним чоң.