Чыныгы кыргыз мырзасы эч качан өзү башка бирөөгө катылган эмес. Бирок, катылгандын катыгын берип келген. Муну айтып жатканыбыздын себеби, 4-октябрда кечки саат 9:00до КТРКнын түз берүүсүндө президенттикке талапкерлер – Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Арстанбек Алай жана Токтайым Үмөталиеванын дебаты болуп өттү. Бул дебатта көбүнесе С. Жээнбеков менен Ө. Бабановдун ортосундагы кармаш элдин көңүлүн бурду. Кыязы, Бабанов мырза алаканын ушалап, «Ушул дебатта башкы атаандашым С. Жээнбековдун бир шайын кетирейин» деп катуу даярданып келген окшойт. Бирок, ал өзүнүн берген суроосу өз башына келип тийерин чындап күтпөгөнү билинди.
«Чү» дегенде эле Ө. Бабанов С. Жээнбековго: «Сооронбай Шарипович, сиз премьер болуп турганда элге 7 %дык кредит берүү маселесин биздин фракция парламенттен ɵткɵргɵн. Бул боюнча сиз менен сүйлɵшкɵм, сиз макулдугуңузду бергенсиз. Тилекке каршы, Алмаз Шаршенович кол коөрдо сиз премьер-министр катары бюджетте акча жоктугун айтып, каршы чыктыңыз. Бул мен үчүн түшүнүксүз болду», — деп чабуулдун биринчи кадамын таштады.
Бул чабуулга С. Жээнбеков эмоцияга алдырбастан, конкреттүү далилдер менен мындайча жооп берди: «Биз аймактардагы кайра иштетүү ɵнɵр жайын жолго салышыбыз керек. Биз 6 %дан кредитти берип баштадык, бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Азыр эл кредит алганы банктарда кезекте турушат. Бюджеттеги акчаны зорго 7 млрд.га чыгардык. Ушуну 20 млрд.га чыгарып, банктардагы кезектерди жок кылуу керек. Азыр сиздин банкта да 27 %дан ала албай кезекте турушат. Кезектерде тургандарды жок кылгандан кийин гана 7 %га түшүрүшүбүз зарыл. Биз элге 10 %дан кредит бере албай туруп, сиздин популисттик демилгеңизди колдогонго болбойт. Анткени, мамлекеттик бюджет резина эмес, анын эсеби бар, популисттик чечимдерди кабыл алганга мен каршымын. Менин айтып атканым, банктардагы кезектерди жок кылып, 10 %га түшүрүп, андан соң 6 %га чейин түшүрɵлү. Мына ушул максатта мен премьер болуп турганда Россия-Кыргызстан Ɵнүктүрүү фондундай фонд түзүп, каржы булагын таап, чакан жана орто бизнеске тɵмɵнкү пайыздагы кредиттерди берүүнү кɵздɵп жатабыз. Биз муну аткарабыз, менин программамда баары камтылган».
Миллиарддар мамлекетке кайтарылат, Бабановдуку дагы
Анан Бабанов чабуулунун экинчи кадамын таштап, «Сиз ɵкмɵт башчы болуп иштегенде, КНС салыгын Жогорку Кеңештен ɵткɵргɵнгɵ эркиңиз жетпеди. Сатыктан салыкты, КНС салыгынын каттоо босогосун жокко чыгара албадыңыз, анын натыйжасында бюджетке 8 млрд. сом түшпɵй калды», — деп айыптап, андан ары «Сиз шайлоо өнөктүгү башталгандан бери коррупция тууралуу сүйлөбөй жатасыз. Бүгүнкү күндɵ кɵз карандысыз уюмдар Кыргызстан коррупцияга малынган ɵлкɵлɵрдүн ичинде 136-орунда турарын айтышууда. Коррупциядагы булактарды элибизге бурсак, завод, фабрикаларсыз эле элибиздин жашоосун оңдосок болот деп ойлойм», — деп акылдуусунду.
Мына ушул жерден гана С. Жээнбековдун жини келгени байкалды. Себеби, Ө. Бабанов эч кандай чындыкка дал келбеген дооматтарды койгон эле. Мисалы, КНС салыгын С. Жээнбеков эмес, ага чейинки премьер-министр Т. Сариев алып салган эле. Мына ушуну айтты Жээнбеков. Андан кийин ал өкмөттү жетектеп тургандагы жетишкендиктерди конкреттүү фактылар менен санап берди. «Мен премьер болгондо Кыргызстандын тарыхында болбогон ɵсүштɵр болду. Аны жакшы билесиң, анан ушул жерге чыгып алып, уялбай калп айтып атасың. КНС салыгын мен эмес, Сариев алып салган, эсиңе тутуп ал. 2016-жылы бюджетке 11 млрд. сом киреше алып келдим. Экспорт 57 %га, ɵндүрүш 47 %га, сен иштегендеги 2012-жылы түшүп кеткен ИДП кɵлɵмүн 3 %га кɵтɵрдүм. Калпты да ɵз жолу менен башка жерде айт. Мен да сенден кийин премьер болуп иштедим», — деди ал.
Ошого эле улай Бабановдун Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 17 миллион долларды 4% менен алып алганын, эгерде элге чындап күйсө, ошону 7% менен эмнеге элге бербей атканын сурады. «Менин сага берчү 25 суроом бар. Кыргызстанда коррупция кандай экенин жакшы билем. Мен 95-жылдан бери саясаттамын, сен 2005-жылы саясатка келдиң, сени балапан кезиңден бери билем. Коррупция менен мына мен күрɵшɵм, биринчи сенден баштайм. Миллиарддарды бюджетке кайтарттырам. Сен муну айтпашың керек болчу, кандай адам экенимди, таза экенимди билесиң. Мени жаманатты кылгың келет ушул жерде, аның мага жукпайт, мен Кудайдын алдында да тазамын. Мен сендей эмесмин, миллиардер болом деген киши эмесмин», — деди Жээнбеков.
expiration du brevet de cialis.
“Сүткө оозу күйгөн” башканын оозу менен сүйлөп калабы?
Мына ушундай жоопту чындыгында Бабанов күтпөгөндүгү билинип калды, мойнунан тарта кулагынын учуна чейин кызарып чыкты. Тыңгылыктуу жооп бере албай, «Мен сиздин балапаныңыз эмесмин, мени сиз деп сүйлөңүз» деп эле кайсалактап калганын көрдүк.
Анан эми ошол дебаттагы жеңилүү ызаасына кандай жооп кыларын билбей, өзүнүн Эмилбек Каптагаев аттуу «пешкалары» аркылуу маалымат булактарынан жооп кыла баштады. Маселен, Каптагаев маалымат булактарынын бирине курган маегинде «Жээнбеков чехиялык Лигласс компаниясы тууралуу суроодон кийин эле жеке адамга асыла баштады» деген оюн айтыптыр. Мына ушундай деп айтып аткандан кийин анын дебатты түз эфирден көрбөгөндүгүн ырастап атканын билебиз. Себеби, жогорудагыдай кайым айтышуулар «Лигласс» компаниясы тууралуу сөз болгонго чейин айтылган. Ал эми бул чехиялык компания менен түзүлгөн келишимден Кыргызстан эч кандай зыян тартпаганын жакшы билебиз. Албетте, зыян тартпасак да, ошол келишимдин түзүлүшүнө себепкер болгон чиновниктер өз жоопкерчилигин ала турганын Сооронбай Жээнбеков ачык эле билдирип кетти.