Домой Коом Коррупция койкоюп алдыда барат!

Коррупция койкоюп алдыда барат!

250

Коррупцияга каршы күрөштө  болуп көрбөгөндөй камдуубуз:  ага каршы бардык жагынан «кынтыксыз» иштелген мыйзамдарыбыз бар, аны ишке аӊырчу уюмдарыбыз бар, ал жерде иштеген илим-билимдүү, эки-үч дипломдуу адамдарыбыз бар, алар ошол күрөшкө жан берчүүдөй талпынып турушат, талпынып гана турушат…, ал эми коррупция болсо, бизден бир кадам алдыда кетип баратат!  Капырай, ал каапырыӊ ооз тарттырбайт го?!

Президент өткөзчү Коопсуздук кеӊешинде да, парламенттик угуууларда да, Өкмөттүк жыйындарда да жана башка санай албай турган чогулуштарда да корруцияга каршы «аны күм-жам кылчу соккулар урулуп жатат…», бирок, алансайын коррупция дегениӊ гүлдөп жатат! Бул эмнеси?! Анткени, эч кимдин коррупцияга каршы күрөшүүчү= чыныгы ниети жок!  Президенттин да, Спикердин да, премьердин да, башкаларынын да! Чын ниетти коймоюн эч бир иш оӊунан чыкпайт!  Бул улуу чындык!  Чыныгы ниетти койбосоӊ, миӊ аракет кыл, миӊ-сан иштерди жаса, ал иш жемишин бербейт!

Коррупцияга каршы күрөштө бардыгыбыз теӊ жасалма жолго өтүп алдык! Өзгөчө коррупцияга каршы күрөштө авнгард болуп турчу, кынынан кылычын сууруп даяр болуп турчу уюмдар: милиция, прокуратура, сот, УКМК, финполиция ошол алдыӊкы орунун эч кимге ээлетпей келет да, ошол жерде туруп алып  коррупцияга каршы күрөшүмүш этип келет, ооба, күрөшүмүш этип келет! «Күрөшүмүш этпей», чыныгы күрөштү баштаган болсо, чөнтөгүнө эч нерсе түшпөй калат! Андыктан, кээси менен күрөшкөн болуп, бир-эки майда-барат коррупциялык иштин бетин ачып коюп, аны маалымат каражаттарынан аябай айтып, баса белгилей айтып, «күрөшүмүш» жолун улайт…Бул көндүм иш болду! Бул мыйзамда жок «мыйзам» болду!

Бүгүнкү күндө албай-жутпай таза иштеген бир дагы жетекчи жок экенин эстесек, ошол эсибиз менен жерге кирели! Бул деген мурун болуп көрбөгөндөй трагедия! Таза жетекчиси жок турмушка көнүп бүттүк, ал абал күнүмдүк көрүнүшкө айланып калган соӊ, ага каршы күрөш кандай болушу керек экендигин билген адам жок, ал жолду издеген бирөө жок! Бу турмуш түп-орду менен жоголуп, кайра башка турмуш жаралмайын, коррупция дегениӊдин жолу даӊгыр болуп улана берет!

Азыр массалык түрдө көроокатка азгырылуу жолундабыз. Байы да, кедейи да, жакшысы менен жаманы да, жашы  менен карысы да баюунун жолун издейт, тобо келтирип, топук кылган адамдар түгөнүп барат?! Азга топук кылбай, көпкө тойбой калган  кара баскан учур келди!  Бата бергендер да айтыпжатпайбы: «Бар болгула, бай болгула!» деп. Мындай абалды эч кандай тарбиялык иш, идея… оӊдой албай тургандай. Жараткан кайра баштан пейлибизди оӊдоп жаратпаса, башка жол жок! Ал жолду самасак жомокко кеткен жол болор, демек, туш тарабыбыз туӊгуюк!

Адам баласы бири-бири менен мамиле түзүп, түрдүү кооомдорду жаратып, жашоону бир калыпка салуу үчүн ар кандай мыйзамдарды кабыл алып келген эмеспи. Мына ошол процессте ошол адам баласы жаратып, кабыл алган мыйзамдарды бузган адамдарды жазалоо үчүн да мыйзамдар жаралган. Ошол жазалоочу мыйзамдар бирде аябай катуу болуп, бирде жумшара кетип… кылымдар жолду басып келбедиби… Ооба, адам баласы өтө татаал жаныбар экен, баарын билип туруп жасайт, «антүүгө болбойт», «минтүүгө болбойт» деген эрежелерди билип туруп анын жобосун бузат. Кылмыштын баарын билип туруп жасашат. Демек, кылмышка каршы мыйзамдар жашап турууга тийиш… Кийинки мезгилде биздин Кыргызстанда жаза берчү мыйзамдар жумшарат. Анткен сайын кылмыш көбөйөт! Мейли, айла жок, «өлүм жазасын» алып салышкан,  бирок, бардык эле жазаларды жумшартыштын зарылдыгы жок болчу. Азыр кылмышкерлерди башынан сылай эркелетип тургандай абалды алып келишти.  Жөнөкөй эле мисал: маселен, 50 миллион сом жеген адам, 5 миллион сом айып пул төлөп кутулуп кетиши бар. Бул эмне деген шумдук?! Болуптур, өлүм жазасы жок болсун, ууру кылгандардын колу кесилбесин, «таш бараӊга» алынган да жаза жок болсун, бирок, кылмыш кылгын адамдын эсинен кетпей тургандай жазаларды алып салуунун кандай зарылдыгы бар?!  Жазаны жеӊилдетүү – мыйзамды буза бер деген көрсөтмө эмеспи!

Ушул тапта кайсы гана жетекчини алба, ал ошол кызматка жеп-жутуп үлгүрүп калуу үчүн келет?! Эми бул абал жашырылып-жабылбай деле калды да!  Бүгүнкү кызматта турган министрлердин жана башка жетекчилердин арасында ар тараптан ошол кызматка татыктуусу барбы? Жок! Таптакыр жок!

Мамлекеттүлүгүбүз аябай кризисте… Аны жакшы жолго салуунун жолу да жок! Мага мамлекетибиз чачылып бараткандай болуп сезиле берет…

Баратбай Аракеев

Булак: Багыт