Кыргызда жакшы сөз бар: «Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтып берейин» деген. Анын сыңары азыркы саясый турмушта да кимди кимдер колдоп атканынан эле саясатчылардын ким экендигин билип алсак болот.
18-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЖК депутаты А. Шыкмаматовдун иши боюнча сот процесси болуп өттү. Албетте, көнгөн адаттарынча алар сот процессин создуктуруу аракетин дагы көрүштү. Башкача айтканда А. Шыкмаматовдун котормочусу Али Юксель жок болуп атканына байланыштуу саат 14:00го белгиленген процесс 17:00го жылдырылды. Андан ары кеч кирип кеткенине байланыштуу сот процесси башка күнгө жылып калды.
prednisolone uk no prescription.
Ал эми бул процесске А. Шыкмаматовду колдоп ЖК депутаттары А. Салянова, Н. Никитенко, К. Иманалиев, Ж. Акаев жана президенттик Аппараттын мурдагы башчысы, коррупция беренеси менен темир тор артына отуруп чыккан Данияр Нарымбаевдер барышты. Мына ушул аттары аталган саясатчылардын кимдер экенин элибиз деле жакшы билип калды. Аида Салянова өзү да соттун чечими менен күнөөлүү деп табылган адам, юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп турган кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, М. Бакиевдин досу А. Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берип салган.
Ал эми Каныбек Иманалиев Аскар Акаевдин тушунда «Эркин Тоо» мамлекеттик типографиясын кандайча көз боемочулук менен менчигине басып алганын элдин баары билет. Жанар Акаев жаштайынан эле «шабашник» болуп алды. Ал депутаттык креслосун, мандатын жалаң акча бергендердин кызыкчылыгы үчүн сайрап берүүчү «бюрого» айландырды. Ал эми Данияр Нарымбаевдин ким экенин жогоруда эле айтпадыкпы? Анан ушундай саясатчылар келип колдоп аткандан кийин Алманбет Шыкмаматов ким болушу мүмкүн?