Домой Саясат “Коррупционер-министр” атыккан Равшан Жээнбеков “Асыл-Ташты” арзан менчиктештиргенин мойнуна алды

“Коррупционер-министр” атыккан Равшан Жээнбеков “Асыл-Ташты” арзан менчиктештиргенин мойнуна алды

93

Тээ Аскар Акаев доорунун соңку жылдарында Маммүлктү жетектеп туруп, 342 мамлекеттик обьектини текейден арзан баада менчиктештирүүгө берип жиберген Равшан Жээнбеков «АКИ-пресс» агенттигине видеомаек берген экен. Анда ал Майрам Акаева менен кандайча тааныштыгы болгонун, «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо (2003-2004-жылдары) боюнча жана «Ар-Намыс» партиясын кандайча «талкалаганы», Ысык-Көл жээгиндеги «Асыл-Таш» пансионатына кандайча ээ болуп калганы, тагыраагы, аны итбекер менчиктештирип алганы тууралуу айтып бериптир.

Равшан Жээнбеков

«Чү» дегенде «Асыл-Таш» пансионаты тууралуу айтканына токтололу. Ага журналист: «Сиз 2005-жылы 9-июнда «АКИ-пресске» берген маегиңизде «Мен «Асыл-Таш» пансионатынын менчиктештирилишине эч кандай тиешем жок» деп айттыңыз эле. Ал эми Ысык-Көл облусунун прокурору Макешов «Равшан Жээнбеков «Асыл-Таштын» төрт кабаттуу корпусун менчиктештирген, ал эми өзүнчө турган үч кабаттуу корпусун Майрам Акаеванын эжеси менчиктештирип алган» деп айткан?» деген суроону берген.  Ага Равшан Бабырбекович эмне деп жооп берип турат дебейсизби? «Бардык жарандар сыяктуу эле мен дагы, анын үстүнө, таластыктар да Ысык-Көл жээгинде кандайдыр бир пансионатка ээ болууга укугу бар. Ал жакта биз эле эмес, таластыктар да эс алат» деп жооп берип жатпайбы. Ушунун өзү анын “Асыл-Ташты” текейден арзан менчиктештирип алганын расмий ырастаганынын башкы далили эмеспи. Эми ушул жоопту анализдеп көрүңүзчү, журналисттин берген суроосуна түз жооп болуп жатабы? Эгерде түз жооп болсо, анда Равшан мырза 2005-жылы 9-июнда ошол эле «АКИ-пресске» «Асыл-Ташка» эч кандай тиешем жок деп айтканын кайра танып жаткан болобу?

Экинчиден, ал «таластыктардын Ысык-Көл жээгинен пансионатка ээ болууга укугу бар» деп жердешчилик темасын көтөрүп чыгып жаткан жокпу? Дагы бир маанилүү маселе, ал аталган пансионатты 300 миң долларга сатып алганбыз дейт. Бирок, чындыгында андай эмес экени белгилүү. Ал адегенде аны өзүнүн таанышына менчикке өткөрүп, ага кеткен каражатты кайра бир кабатын «Манас» аэропортуна сатуу менен эле актап алганы тууралуу ММК булактары жазып чыкпады беле? Бул тууралуу албетте өзүнчө узун сабак сөз кылса болот. Ток этерин айтканда Равшан мырза «Асыл-Ташты» бекерге эле сатып алган.

Ал эми ушул эле видеомаекте 2003-2004-жылдардагы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо маселеси боюнча берилген суроого «Менин ал жерде колум коюлган эмес, демек менин эч кандай тиешем жок» деп кутулган. Бирок, анын да тиешеси бар экендигин тастыктай турган документтер бар.

Баарынан кызыгы, журналист: «Сиз 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Ар-Намыс» партиясы аркылуу шайлоого бардыңыз. Бул партия сиз барганга чейин эле талкаланганбы, же сиз барып талкаладыңызбы?» деген суроону узатса, ага «Биз «Ар-Намыста» көз карандысыз саясатчыларды топтогонго аракет кылдык. Бирок, андай болбой калды. Биринчиден, башка партиялардай болуп акча таратканга бизде чоң каражат жок болду. Биз муну чече албадык. Биздин негизги маселе финансылык жактан болду», — деп жооп берди. Ушул дагы суроого жооп болдубу? Демек, анын логикасына таянсак, «Ар-Намыс» партиясы башка партиялардай болуп акчасы жок болгондуктан талкаланып калган болобу? Анда 2010-жылдагы шайлоодо кантип жеңишке жетишти эле? Же «Ар-Намыстын» катарына Равшан Жээнбеков киргенден кийин эле акчалары жок болуп кеттиби? Ошондо Равшан мырза барган жерди жут басып кала турган болобу?