Домой Ден-соолук Коронавирусту жер жүзүнө таркатуучулар аныкталды

Коронавирусту жер жүзүнө таркатуучулар аныкталды

23

Калифорния, Принстон жана Джон Хопкинс университеттеринин окумуштуулары коронавирустун дүйнө жүзүнө жайылышында маанилүү ролду жаш балдар жана жаштар ойногонун аныкташты. Бул тууралуу Science журналына жарыяланган.

Илимпоздор инфекциянын мүмкүн болгон жолдорун көзөмөлдөө үчүн Индиянын түштүк-чыгышындагы 575 миң адамдын ичинен SARS-CoV-2 инфекциясынын 85 миңге жакын тастыкталган учурун талдап чыгышты. Жуккан адамдардын 71 пайызы вирусту башка адамдар менен байланышуу жолу менен жуктурбаганы белгилүү болду, бирок жуктуруп алган жаштар жана жаш балдар инфекцияны таркатуучу болуп саналат. Жаштар арасында  бул оору көбүнчө жеңил жана билинбей өтүп кетип жатканы аныкталган. Ошондуктар жаштар жана балдар ооруну таркатуучулар болуп саналары маалым болду.

Индияда жүз миңге жакын адам коронавирустан көз жумган. Изилдөөчүлөрдүн эң жогорку тобокелдик тобуна 50 жаштан 64 жашка чейинки адамдар кирген. Бирок, COVID-19 учурларынын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн балдар жана жаштар вирусту калкка жуктурууда өзгөчө маанилүү экендигин далилдешти.

булак: barometr.kg