Домой Коом «Коронавирусту шылтоолоп тажик тарап чек араны казып жатат»

«Коронавирусту шылтоолоп тажик тарап чек араны казып жатат»

52
Баткен облусунун айрым айылдарында коронавирустун шылтоосу менен Тажик тарап чек араларды казып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев парламенттин жыйынында билдирди. Депутат өкмөттү чек ара маселесин да көзөмөлдөөгө чакырды.

«Тажик тарап коронавируска байланыштуу деп чек араларды казып жатат. Муну менен алар биздин чек арага 100 метрдей кирип келип жатышат. Бул такталган факты. Азыртан абалды көзөмөлдөп, чара көрүш керек. Бул эпидемиялык абал бүткөндөн кийин алар жылып кирген 100 метр жерден кетпей, бизге кыйынчылык туудурат, — деди депутат.

Булак:fakt.kg