Домой Коом Коронавирусту байланыш аркылуу жуктургандар көбөйдү

Коронавирусту байланыш аркылуу жуктургандар көбөйдү

69

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-майда билдиргенине караганда, вирустун симптомдору менен медициналык мекемелерге кайрылган айрым адамдар вирусту кайдан, кимден, кандай жол менен жуктуруп алышканын билишпейт. Дарыгердин айтуусунда, бул оорунун очогун аныктоого кыйынчылык жаратат:

«Ошого карабай, биз иликтөөлөрдү жүргүзүүнү кеңейтип, оорунун булагын табууга аракет кылып жатабыз. Ооруган адам менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин жүргүзүп жатабыз».

Бул маалыматтан улам коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов вирустун жайылуусуна каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды. Боронов обсервация, үй карантин эрежелери, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоону талап кылды.

«Шалаакылык кылып ооруну жайылткандар жоопкерчиликке тартылат. Кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек, биз оорунун күч алып кетүүсүнө жол бербөөгө тийишпиз. Жарандар өзүнүн, жакындарынын коопсуздугу үчүн коомдук транспортто, эл көп чогулган жерлерде сөзсүз беткап кийүүсү зарыл» — деди Кубатбек Боронов.

28-майга карата Кыргызстанда 1594 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 6% жашы алтыга толо элек балдар.

Вирустан 1066 адам айыгып чыкты, 16 киши коронавирус жуктуруп алгандан кийин каза болду.